02.08.2016 22:00
Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катыша турган КРнын кыргыз күрөшү боюнча курама командасы аныкталды
Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катыша турган КРнын кыргыз күрөшү боюнча курама командасынын курамы аныкталды.
Команданын курамы 25-апрель күнү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өткөн Кыргыз Республикасынын чемпионатынын жыйынтыктары боюнча аныкталып, ага ар кайсы категориядагы 7 күрөшчү кирди.
Спортчулар КРнын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Майрамбек Атабековдун жетекчилиги астында катышат.
Команданын курамы:
Тынчтыкбек уулу Бекзат | 19.06.1994 | КР СЧ | 55 кг |
Сымбатбек Алымбеков | 05.12.1991 | КР СЧ | 60 кг |
Зиямидин Садыбеков | 04.06.1993 | КР СЧ | 66 кг |
Тариел Усенов | 18.10.1990 | КР СЧ | 74 кг |
Бектуркан Кожомуратов | 12.05.1995 | КР СЧ | 84 кг |
Кожобеков Нурбек | 22.05.1988 | КР ЭАДСЧ | 96 кг |
Кушубаков Бекболсун | 26.11.1985 | КР ЭАДСЧ | +96 кг |
Эскерте кетсек, Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) 3-8-сентябрда өтөт.
Алынган булак: КРнын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы