05.07.2018 20:57

Кыргызстан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна  спорттук  сыноочуларды даярдоодо

                           

                           

31-июндан 1-июлга чейин  Ысык-Көл облусунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун (ДКО)   программасына  киргизилген  спорттун түрлөрү боюнча  башкы сыноочулардын коллегиясынын  семинары болуп өттү.

Семинарга  Кыргыз Республикасынын   Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча Мамлекеттик агенттигинин  деректиринин орун басары  Канатбек Арпачиев, Мамлекеттик агенттиктин алдындагы  спорттун улуттук түрлөрү боюнча  Дирекциянын  деректири  Токсонбай Асанов,  спортун түрлөрү боюнча башкы  сыноочулар жана  спорттук программанын  секретариаты  катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө  К.Арпачиев  сыноочу коллегияга чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн белгиледи. “Семинар бизге  дагы бир жолку даярдыкка жана  сыноочулуктун  күнгөй-тескейин ар тараптан талкуулап алганга   мүмкүндүк берет. Сиздер эрежелерди так сактап жана  обьективдүү сыноонуздар керек.”

                         

 “Кыргызстан III Дүйнөлүк көчмөндөр  оюндарын  өткөрүп жатып,  маданий жана спорттук иш чараларды  уюштурууга  көптөгөн жаңылыктарды киргизди. Оюндарга  дүйнөнүн ар тарабынан  көп сандагы туристтер жана спортчулар  келишет, ошондуктан  бул масштабдуу  иш чараны  жогорку деңгээлде  өткөрүү боюнча  бизге эң чоң жоопкерчилик жүктөлгөн”,- деди К.Арпачиев.

Семинардын катышуучулары III ДКО учурундагы  спортчулардын жана  сыноочулардын тартип  маселелерин карап чыгышты жана спорттун бардык түрлөрүн  сыноо  боюнча практикалык  сабактарды  өтүштү.

Белгилей кетүүчү нерсе,  бул, III ДКО  программасына киргизилген   спорттун түрлөрү  боюнча  сыноочулук корпусунун жана  башкы  сыноочулар коллегиясынын  акыркы семинары. Чет элдик сыноочулар үчүн  семинар августтун  аягында өтөт.

Сыноочулар коллегиясын Мамагенттиктин деректиринин орун басары , III Дүйнөлүк көчмөңдөр оюндарынын башкы сыноочусу К.Арпачиев  жетектемекчи.

III Дүйнөлүк көчмөңдөр оюндарында 37 спорттун түрүн  Кыргызстандан жана чет өлкөлөрдөн келген 250  дөн ашуун сыноочу тейлемекчи.