06.09.2016 10:07

Аба гюреш боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

Бүгүн, 6-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы дене тарбия жана ден соолукту чыідоо комплексинде II ДКО алкагында эркектердин арасында өткөн “аба гюреш” боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Беттешке Азербайжан, Монголия, Казакстан, Сирия, Белорусь, Орусия, Түркия жана кыргызстан сыяктуу 8 мамлекеттен келген 14 спортчу катышты. Түрк  элинин улуттук күршүндө бир гана салмактык категория бар.

“Аба гюреш” мелдешинин жыйынтыктары:
1-орун – Энхтаг Ойунболд (Монголия)
2-орун – Арсланов Рустэм (Орусия)
3-орун – Аширов Орозбек (Кыргызстан)
3-орун – Нишанов Ильяс (Кыргызстан)

Кошумча маалымат:

“Аба гюреш” – түрк улуттук күрөшү. Команданын курамы – 3 киши: 1 машыктыруучу, 2 спортчу. Мелдеш эркектердин арасында 80 кг өйдө жогорку салмактык категорияда “Аба күрөш” федерациясынын эрежелерине ылайык өтүүдө.