Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын Тарыхы

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын Тарыхы

Башталыш тарыхынан...

XX кылым чоң өзгөрүүнүн доору болду. Техниканын өсүшү менен адамдардын жан дүйнөсү жакырланып, суук салттуулук коомду аралап... ал, чыр-чатак, согуштарга алып келди. Негизги идеологиянын башаты улутчулдук болуп, анын желеси дүйнө жүзүнө тарап, колониалдык системаны талкалап, чек аралары менен белгилери бар улутчул мамлекеттерди жаратты. Дүйнөлүк тартип, адам коомунан мамлекет аралык, тынчтык институтун түзүүнү талап кылууда.

Натыйжада тынчтыкты орнотууда спорт маанилүү рольду ойноду. Заманбап Олимпиадалык оюн XIX кылымдын аягында француз коомдук ишмер Пьер Кубертен тарабынан негизделген. Анын негизги умтулуусу эл аралык ынтымакты чыңдоо менен дүйнө жүзүндөгү элдин агымын жакшы жака буруу. Жаштар согуш майданында күч сынашпастан, спорттук оюндарда күч сынашышы керек.

Олимпиадалык оюндар жана спорт чемпионаттары тынчтыкты ыроологон кыймылдардын арышын арбындатып, жалпы маданияттын өсүшүнө өбөлгө түзөт. 

ХХ кылымдын аягында экономика, саясат, социалдык маданий чөйрөдөгү өзгөрүүлөр “глобализация” делген көрүнүштү узартты. Глобалдашуунун натыйжасында маалымат алмашуу, товар алмашуу, каражат жана жумушчу күчтөрдүн бир жерден экинчи жака көчүүдөгү тоскоолдукко чыкты. Эл аралык долбоорлор адам баалуулуктарына чек жаратып, жүрүм-турум жана маданий үлгүлөрүнүн стандартташтыруусуна алып келет. Мындай жагдайда ар масштабдагы спорттук мелдештер өз касиетин жогото башташат. “Жогорку ийгиликтерге жетем” деп, рекорддордун артынан кубалоо, алына жараша аракет кылбастан допингди колдонуу заманбап спорттогу чоң ийгиликтерди дискредитациялайт.

Бүгүнкү учурда глобализация, адам баласынын жашоосун стандартташтырып, ар тараптуу маданияттын акырындап кыскарылышына алып келүүдө. Глобализациянын мындай чакыруусу  бизге, чечүү талабын коюуда.

Ар түрдүү маданиятты жана спорттогу гумандуулукту сактоо максатында 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан тарыхта биринчи жолу “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын” өткөрүү сунушталган. Глобализациянын доорунда маданиятты жандандырып аны сактап калуу, элдердин инсандык сапатын жогорулатып, дүйнөдөгү жашоо нугун тартиптештирүү бул дорбоордун негизги макаты. Аталган демилге Казакстан, Азербайджан, Түркия мамлекет башчылары тарабынан колдоого алынган.

Көчмөндөр дүйнөсү жүздөгөн элдердин баштарын бириктирет. Кайталангыс, өзгөчө маданияты анын салттарында, жашоо тиричилигинде чагылдырылган. Мисалы: көчмөндөрдүн баш паанектеген үйү – боз үй. Тала-түскө, токойго, тоого тигип жашаганга ылайыкталып, техникалык жагынан айырмаланып турат. Мына ушунда көчмөн элинин чексиздиги, байлыгы катылган.

Көчмөн элинин тарыхына кайрылсак, көчмөндөрдүн арты менен калктар арасындагы маданий тажрыйба алмашуу болгондугун байкайбыз. Алыскы доорлорго кайрылсак өз чегинен, жеринен чыкпай жашаган адамдарга салыштырмалуу, көчмөн эли, бир жерден экинчи жерге көчүп, керек болсо бир континенттен экинчи континентке жер оодарып, астыдагы белгисиздике бир гана көчмөн эли даап бара алган. Ошондой алыскы кербен жүрүштөрдүн натыйжасында алар отурукташкан элдер менен ой бөлүшүп, алардан алган билимдерин, акылдарын башка элдерге жеткирип келишкен.

Көчмөн эли жаратылыш менен жуурулушуп жашаган эл. Көчмөндөр жаратылыштын кандай гана шартында жашабасын, алар экологияга, жаратылышка зыянын тийгизбестен, ыңгайлашып жашашкан. Көчмөн эли жалаң эле согушкер болгон эмес, ал стереотипке каршы, алар өздөрүнүн бош убактыларын, майрам, тойлорун дене бойду чыңдап, акылды курчуткан спорттук оюндарды ойноо менен өткөрүшкөн. Бул оюндар ушул тапка чейин сакталып, ойнолуп келүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги астында 2014-жылдын 9-сентябрында биринчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары өткөрүлүп, анын астында, ал иш чарага даярдык катары көптөгөн оюн-зооктор уюштурулган.

Улуттук спорт оюндарынын 10 түрүнөн мелдештер уюштурулган.

Бул улуттук оюндар менен катарлаш “Кырчын” жайлоосунда маданий этнофестиваль программасы уюуштурулган. Ал жердеги тигилген боз үйлөрдөн турган айылда, баланын төрөлүп, бешике салынып, биринчи кадам таштагандагы жасалган ырым-жырымдарынан тарта, элди толкундаткан чабандестердин ат жалында ойногон оюн зооктору көрсөтүлгөн.

Биринчи оюндарда 19 өлкөдөн келген спортчулар катышкан. Оюнду дүйнө жүзүндөгү алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын 250 журналисттери тарабынан дүйнө жүзүнө чагылдырылган.

Ошол себептен Кыргыз Республикасынын башчысы тарабынан экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын 2016-жылы өткөрүү демилгеси колго алынган. Оюн 2016-жылдын 3-сентябрында Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлдү.

Экинчи Дүйнөлүк көчмондөр оюндарында мелдештин түрлөрү 25 ке чейин көбөйтүлгөн. Анын ичинде жекеме жеке күч сынашуу фестивалы, ат чабыш, таймаш жана салбуурундун ичиндеги жаа атуу, тайган менен куш салуу сыяктуу мергенчиликтин түрлөрү киргизилген.

Ал эми бийик тоодо, Кырчын жайлоосунда кайрадан көчмөндөр маданиятын чагылдырган боз үйлөрдөн айыл тигилип, алардын ичинде кол өнөрчүлөр, ууздардын колу менен жасалган көчмөн турмушунан алынган ала кийиз, шырдак, булгарыдан, жыгачтан жана темирден жасалган буюм-тайымдар коюлду. Фольклор фестивалы оюндардын аягына чейин катышуучулар жана келген коноктор менен коштолду.

Азыркы тапта III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө толук кандуу даярдыктар жүрүүдө. Кыргызстандын ар бир жараны сыймыктануу менен бабалардан калган улуу мурасын дүйнө жүзүнө таанытууга аттанууда. 

Бул мелдештердеги руханий күчтүн, жаратылыш жана түбөлүктүү адамзат баалуулуктары менен жуурулушуусу – оюндун ийгилиги болуп саналат.