Тарыхта алгачкы жолу өткөрүлгөн “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары”

Тарыхта алгачкы жолу өткөрүлгөн “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары”


Тарыхта алгачкы жолу өткөрүлгөн “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары”

2012-жылы Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Түркия Республикасынын катышуусу менен өткөрүлгөн  түрк тилдүү өлкө башчыларынын саммитинде Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын Кыргыз Республикасында өткөрүү  тууралуу чечим кабыл алынып, Бишкек декларациясына кол коюлган.

2014-жылдын 9-сентябрында саат 20:00до Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршенович тарыхта алгачкы жолу өткөрүлүп жаткан Дүйнөлөк Көчмөндөр Оюндарын ачык деп жарыялады.

Биринчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2014-жылы 9-сентябрдан тартып 14-сентябрга чейин Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлдү.  Бул иш-чаранын алкагында этноспорттун 10 түрү боюнча спорттук мелдештер болуп өттү.
        Ат үстүндөгү спорттун түрлөрү боюнча мелдештер:
                1. көк-бөрү;
                2. эр эӊиш;
                3. кунан чабыш;
                4. жорго салыш;
                5. аламан байге.
        Күрөштүн салттуу түрлөрү:
                6. кыргыз күрөш;
                7. алыш күрөшү;
                8. казак күрөшү.
        Улуттук оюндар:
                9. ордо;
                10. тогуз коргоол.

Ошондой эле тарыхта алгачкы жолу өткөрүлгөн Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын алкагында спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча көргөзмө оюндары болуп өттү:
1. Зорхана (Азербайжан Республикасы);
2. Жирит (Түркия Республикасы);
3. Күрөштүн салттуу түрлөрү (Түркия  Республикасы);
4. Тейкиён (Корея Республикасы);

Мелдештерге 19 өлкөдөн келген спортчулар катышты:
1. Азербайжан Республикасы;
2. Австрия Республикасы;
3. Афганистан Ислам Республикасы;
4. Швеция Королдугу;
5. Кыргыз Республикасы;
6. Литва Республикасы;
7. Монголия;
8. Белорусия;
9. Казакстан Республикасы;
10. Корея  Республикасы;
11. Россия Федерациясы;
12. Тажикстан Республикасы;
13.Өзбекстан Республикасы;
14. Америка Кошмо Штаттары;
15. Түркия Республикасы;
16. Түркмөнстан;
17. Бразилия Федеративдик Республикасы;
18. Германия Федеративдик Республикасы;
19. Франция Республикасы.

Спорттук мелдештерге 771 киши катышты: 583 спортчу, 188 машыктыруучу  жана калыс. Ат оюндарында 230 ат катышты.

Спорттун 10 түрү боюнча медалдардын 30 комплектиси (жалпы 109 медаль)  ойнотулду. Жалпы байге фонду 16 миллион сомду түздү.

Расмий эмес жалпы командалык эсеп боюнча Кыргыз Республикасы 1-оорунду ээлеп, жалпысынан 55 медалга (16 алтын медаль, 20 күмүш медаль жана 19 коло медаль) ээ болду.

Маданий иш-чараларга 1200 киши катышты.

40 өлкөдө телевизиондук эфир жүргүзүлүп, ага 230.000.000 киши күбө болду.

Биринчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын  төмөнкү ММКнын алып баруучулары, журналисттери жана операторлору алып барды:
1. BBC (Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын бириккен Королдугу);
2. CNN (АКШ);
3. Washington Post (АКШ);
4. Los-Angeles Times (АКШ);
5. CBS News (АКШ);
6. World Street Journal (АКШ);
7. NBC News (АКШ);
8. The Guardian (Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын бириккен Королдугу);
9. Mirror (Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын бириккен Королдугу);
10. Repubblica (Италия Республикасы);
11. Corriere (Италия Республикасы);
12. Canada.com (Канада);
13. Postmedia.com (Канада);
14. Al Jazeera (Катар мамлекети);
15. MSN News (Малайзия);
16. «Россия 1» (Россия Федерациясы);
17. «Russia Today» (Россия Федерациясы);
18. «Моя Планета» (Россия Федерациясы);
19. «TV-Novosti» (Россия Федерациясы);
20. ATV (Россия Федерация);
21. «МИР» (Россия Федерация);
22. Astana Times (Казахстан Республикасы);
23. Azer News (Азербайжан Республикасы);
24. «Ictimai TV» (Азербайжан Республикасы);
25. ТРТ АВАЗ (Түркия Республика);
26. ТРТ Турк (Түркия Республикасы);
27. UBS (Монголия);
28. «Спорт» (Түркмөнстан);
29. ОТРК (Кыргыз Республикасы);
30. ЭлТР (Кыргыз Республикасы);
31. НТС (Кыргыз Республикасы);
32. «5 канал» (Кыргыз Республикасы).
Ошондой эле Азербайжан Республикасынын, Афганистан Ислам Республикасынын, Германия Федеративдик Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Польша Республикасынын, Росиия Федерациясынын, Түркия Республикасынын, Швеция Королдугунун жана Кыргыз Республикасынын көптөгөн маалыматтык агенстволору жана көз карандысыз журналисттери да болду.