III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча Катчылык

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча Катчылык

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча Катчылык (III ДКО Катчылык) – III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында түзүлгөн мамлекеттик мекеме. 

III ДКО Катчылык 2017-жылдын 8-ноябрында №733 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде түзүлгөн. 

III ДКО Катчылыктын негизги максаты III ДКО даярдоо жана эл аралык деңгээлде өткөрүү боюнча иш-чаралар комплексин ишке ашыруу болуп саналат.

III ДКО Катчылыктын негизги милдеттери:
- III ДКО Катчылыктын алдында турган максаттардын алкагында уюштуруу иштерин өткөрүү;
- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын брендин эл аралык аренада пропагандалоо жана андан ары илгерилетүү;
- III ДКО даярдоонун жана өткөрүүнүн алкагында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка уюмдарга көмөктөшүү жана ишти координациялоо.

III ДКО Катчылыктын курамы: 

  • Аденов Нурсултан Нурланович – жетекчи
  • Абдесова Айжан Нургалыевна – жетекчинин орун басары
  • Термечикова Айгуль Дамировна – бухгалтер
  • Камбаралиева Мээрим Камбаралиевна – адис (маданият)
  • Надырбеков Союзбек Надырбекович – адис (илим, инфраструктура, ыктыярчылардын кыймыл)
  • Талайбек уулу Каныбек – адис (логистика, коопсуздук, уюштуруу чаралар)
  • Усенбеков Белек Нурбекович – адис (спорт)