Кыргыздар

Кыргыздар

Кыргыздар – Борбордук Азиядагы эң байыркы элдердин бири.

“Кыргыз” этнониминин келип чыгышы.

Мамлекеттүүлүктүн, маданияттын, жазуунун, диндин, спорттук оюндарынын башталышы...

 

Келип чыгышы, теги

Фольклордо бул элдин аталышынын пайда болуусунун бир нече вариантын көрүүгө болот.   Алардын арысында мисалы: “кыргыз” аталышынын төмөндөгүдөй түшүндүрмөсү бар:  кыргыз” “кырк” жана “кыз” деген сөздөрдөн куралган, м.а. кыргыздар – 40 кыздан пайда болгон эл.

Ошондой эле, “кыргыз” сөзү “кырк” жана “өгүз” сөздөрүнөн түзүлүшү мүмкүн - өгүз уруусунун кырк тукумунун  биригиши. Үчүнчү версиясы - “кыр” жана “өгүз” – тоо уруулары сөздөрүнүн биригишинен түзүлгөн. Бул версия орто кылымдын тарыхчысы Абул Газы Бахадур-Хандын  эмгеги Өгүз хан тууралуу дастанда айтылган. Анын генеологиялык версиясы боюнча – Кыргыз деп Өгүз хандын небересин аташкан. Ал эми Сайф ад-Дина Ахсыкендинин ферганалык кыргыздар тууралуу дастанынын сюжети боюнча, селжуктардын султаны Санжардын аскеринен Хожентке качып кутулган  кыргыздар кырк  өзгөндүк  өгүздөрдүн (12-к.) урпактары.

Ошондой эле илимий варинаттар да бар. Илимпоз В. Радлов “кыргыз” сөзүн такыр эле “кырк” жана “жүз”  - төрт жүз деген сөздөргө ажыраткан, Ахмед Зеки Велиди Тоган “кырк” жана “эр” деген сөздөрдөн турат деп эсептеген; Д. Айтмуратов “кыр” жана “гыздын” төмөндөгүдөй түшүндүрмөсүн ылайыктуу деп эсептеген  (бирок ошол эле тарых боюнча этникалык кыргыздар жээрде чач жана көк көздүү болгон). К. Петров болсо “кыргыз” сөзүн “кырыг” жана “ыз” уңгудан кийинки аффикске  бөлүү менен такыр башкача вариантты чыгарган. Кызыл түскө дагы көптөгөн окумуштуулар кайрылган: Н. Баскаков – “кырыг” жана “өгүз”  - түштүк уруулар; А. Кононов  - “кыргын” көк көздүү, сары деп тарыхка сүрөттөлгөн генотиптин өкүлдөрү. Байыркы замандарда түрк-кыргыздардын арасында  европеиддердин өзүнчө белгилери басымдуулук кылган.

Кайсы жерде

Байыркы заманда кыргыздар Эне-Сайда (Түштүк Сибирдеги Эне-Сай дарыясынын өрөөнү) жашаган. Эне-Сай бир нече уламыштарда баяндалган, алардын эң негизгиси катары  “Бугу Энени” атасак болот. Бул уламышта айтылгандай, кыргыз элинин акыркы уул-кызын өлүмдөн бугу сактап калган жана аларды берекелүү жерге – Ысык-Көлдүн жээгине алып келген (бугу тууралуу ушундай эле уламыш Японияда да бар  - Нара шаарында бугулар ыйык жаныбар деп эсептелет).

Мындан сырткары, кыргыздардын мекени же алар жашап келген жер деп түндүк-батыш Монголияны да аташат, т.а. Хяргас-Нур көлү (монгол тилинен которгондо “Кыргыз көлү”) жайгашкан жерди.

Заманбап тарыхчылар байыркы кыргыздардын б.з.ч.  3-1-кк. жашаган жери Чыгыш Теңир-Тоонун аймагы болгон деп эсептейт (т.а. Кытайдын Синьцзяно-Уйгур автономдук району). Ошентип, байыркы кыргыздар Манас дарыясынын өрөөнүндө, Боро-Хоро кыркасынын түндүк боорунда жашаган.

Тарыхта жазылгандай, байыркы кыргыздар менен хунндар, усундар, динлиндер, тохарлар, ханьцылар ж.б. улуттар коңшу болгон.

Эмне менен алектенишкен

Социалдык-нигилизм деген советтик идеалогиядан улам кыргыздарга заманбап маданият Совет өлкөлөрүнүн пайда болушу менен келген деген туура эмес пикир калыптанып калган. Кыргыздар мал чарбачылык, жер иштетүү жана кол өнөрчүлүк менен алектенишкен. Ошондой эле алар металл иштетүүнү да мыкты өздөштүргөн.

Кыргыздардын жана түрктөрдүн жазуу жана көркөм сүрөт өнөрүнүн калдыктарын азыркы учурда да Эне-Сайдын жээгинде, Монголияда, Алтайда, Теңир-Тоонун тоолорунда жана Борбордук Азиянын башка аймактарында кезиктирүүгө болот.

Орто кылымдарда кыргыздардын белгилүү бир бөлүгү  уйгур, монгол жазууларын жана кытай иероглифтерин колдонгон, ал эми 10-кылымдан тартып азыркы күнгө чейин – араб жазмасын (вязь) пайдаланат. 1928-1940-жж. кыргыздар латин алфавитин колдонгон. 1940-жылдан тартып Борбордук Азиядагы кыргыздардын бир бөлүгү кириллицаны пайдаланып баштаган.

Кантип жашаган

2002-жылы БУУ жана ЮНЕСКО байыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200-жылдыгын  салтанаттуу түрдө белгилеген. “Ши цзи” тарыхый хроникасы боюнча белгилүү болгондой эле (байыркы кытайлык тарыхчы Сыма Цзяндын “Тарыхый  каттар”)  байыркы Кыргыз мамлекетинин жерлерин б.з.ч. 202-201-жж. хундардын көчмөн империясы басып алган. Хун аскерлеринин курамында калган кыргыздар Ички жана Борбордук Азиядагы көптөгөн тарыхый окуяларга катышкан.

Кыргыздардын көз карандысыз мамлекети, кыска убакытка болсо да, б.з.ч. 56-жылы калыбына келтирилген. Кытай тарыхчысы Бань Гу далилдегендей, хундардын мамлекети солгундап, кыргыздар суверенитетинин калыптанышына дал ушул мезгилде жеткен.

Кайсы жерде жашаган

Б.з. 1-миң жылдыгынын биринчи жарымында кыргыздар мекендеген негизги жер Чыгыш Теңир-Тоонун аймагы болуп кала берет. Динлиндердин бир бөлүгү акырындап кыргыздар менен ассимиляциялашып кеткен жана бул элдин бир бөлүгү болуп калган. 5-кылымда Чыгыш Теңир-Тоонун түрктөрү менен байыркы кыргыздар жуаньжуандарга каршы чыккан, бирок жыйынтыгында жеңилип калган. Түрктөр аргасыздан Алтайга, кыргыздар Эне-Сайга көчкөн.

Ошол учурда карышкыр эне – алтайлык түрктөрдүн жана эне-сайлык кыргыздардын ата-бабасы тууралуу уламыш чыгат (ушул сыяктуу уламыш италиялыктарда да бар – Римдин пайда болушу жана карышкыр баккан Ромул жана Реме бир туугандары тууралуу, мындай уламыштар венгрлерде ж.б. улуттарда да болгон).

Кыргыздар Эне-Сайда өзүнүн мамлекеттүүлүгүн Кыргыз каганаты деп  калыптандырган. Бул мамлекет  тандык Кытай, Тибет, Түргөш жана Карлук мамлекеттери жана Араб халифаты менен тыгыз дипломатиялык жана соода байланыштарына ээ болгон. 

840-925-жылдардын аралыгында бул мамлекет Ички жана Борбордук Азиянын чоң-чоң аймактарын Борбордук Теңир-Тоого чейин багындырган. Бул доорду В. В. Бартольд  “Улуу Кыргыз Дөөлөтү”, ал эми Ю. С. Худяков  кыргыздардын орто кылым тарыхынын “жылдыз туткан сааты” деп атаган.

Ошол учурда кыргыздар Теңир-Тоодо да, Монголияда да  жана Эне-Сайда да мекендеп, Ички жана Борбордук Азиядагы көптөгөн көчмөн улуттары менен  коңшулаш болуп, бири-биринин маданиятын байытып жашап келген.

Теңир-Тоодо кайрадан жашап баштаган кыргыздар 20-кылымда өзүнүн мамлекеттүлүгүн калыптандырган. 2014-жылы көз карандысыз Кыргызстанда СССРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялык округунун түзүлгөндүгүнүн 90-жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленген (андан кийин ал 1926-жылы Кыргыз АССРи, 1936-жылы Кыргыз ССРи болгон, 1991-жылы 31-августта өзүнүн мамлекеттик көз карандысыздыгын жарыялаган).

Кытайда бул жылы борбору Артыш шаары болгон Кызыл-Суу Кыргыз автономдук округунун 60 жылдыгын белилешет.

Эмнеге ишенген

Байыркы кыргыздарда арстан, бугу, багыш, бөрү, барс, аюу ж.б. ыйык жаныбар деп саналган. Мындан сырткары, Теңирге, Күнгө жана Айга, ошондой эле отко сыйынган.

10-кылымдан тартып кыргыздардын батыш бөлүгү Караханид каганатынын алкагында болгондо, ал исламдашып баштаган. Исламдын кыргыздардагы өзгөчөлүгү - алар исламга чейинки салт-санаалардын жана ишенимдердин көптөгөн элементтерин сактоого болгон сунниттик исламдын салттуу ханафит мазхабынын жактоочулары болгон.

Кыргыздардын чыгыш тобу шаманизм, буддизм ж.б. диний ишенимдердин алкагында кала берген. Байыркы кыргыздардын түндүк жана чыгыш урпактары – хакастар, тувиндиктердин бир бөлүгү, алтайлыктар, Кытайдын түндүгүндөгү кыргыздар шамандар болуп кала берген.

Тувиндиктердин башка экинчи бөлүгү жана Тарбагатайдагы калмак-кыргыздар буддист-ламаисттер болуп калган.

Азыркы кыргыздардын негизги бөлүгү исламды кабыл алган, ошентсе да, алардын арасында христиандар да, атеисттер да, теңирчилер да бар. Башкирдик кыргыздар да, башка мусулман түрк элдеринин (казактар, өзбектер, каракалпактар, ногойлор ж.б.) чөйрөсүндө ассимиляциялашып кеткен топтор да  мусулманчылыкты кабыл алган.

Кантип ойношкон

Кыргыздар байыртадан бери Евразиядагы көчмөн цивилизациясынын бир бөлүгү болгон. Ал жакта элдик жана спорттук оюндар аскердик көркөм өнөр менен, ат спорту менен, аңчылык салт-санаалары менен, жаа атуу менен, күрөш менен жана  ордо, тогуз коргоол, чатыраш ( шахмат), дойбу (шашки) сыяктуу интеллектуалдык  оюндар менен байланыштуу болгон.

Көпчүлүк учурда бул оюндар эл аралык деңгээлде уюштурулган, кыргыздар да, ж.б. түрк-монгол элдери ар кайсы мамлекеттен спорттук атаандаштарын  - тарыхый коңшуларын чакырган. Бул баатыр тууралуу  “Манас” эпосунда эң мыкты түрдө баяндалган (Көкөтөйдүн ашы бөлүгүндө).