Оюндар тууралуу уламыштар

Алыш

Бел боо күрөшүнүн тарыхына карай турган болсок ал бизди  тээ байыркы убактарга кайрып барат. Күрөштүн бул түрү кыргыздардын эң байыркы спорт оюндарынын бири болгон.

Бел боо күрөшүнүн 6000 жылдык тарыхынын бар болгондугун далилдеген тарыхый фактылар катары көптөгөн артефакттар (Багдадда таблыган эки балбандын статуясы) бар. Бел боо күрөшү тууралуу далилдерди Европанын жана Азиянын 70тен ашык өлкөсүнүн адабиятында кезиктирүүгө болот. Бирок күрөштүн элементтери жазуу түрүндө алгачкы жолу “Манас” эпосунда айтылган: Кошой менен Жолойдун кармашы алыш күрөшүнүн эрежелери боюнча өткөн. Тарыхый жактан бул кармаш өтө баалуу болуп саналып, кыргыздар канча жашаса, алыш да ошончо бар болгондугунун далили болгон.

Орто кылымдарда Абу Али ибн Сина медициналык жактан дене тарбия көнүгүүлөрүнүн мааниси канчалык деңгээлде жогору экендигин илимий негизде далилдеген. Улуу окумуштуунун бел боо күрөшү боюнча да эскерүүсү бар. Ал эки балбандын бири-биринин бел боосун кармап алып күрөшкөндүгүн сүрөттөп берет.

Азыркы убакта бел боо күрөшү бир гана Борбордук Азияда эмес, дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдө өтө жакшы темпте өнүгүп жатат.  Мына ушуга байланыштуу Ала-Тоо жергесинде эл аралык федерацияны түзүү демилгеси пайда болгон.

Салбуурун

Кыргыз элинде узак убакытка топтошуп аңчылыкка чыгуу салты – “Салбуурун” калыптанып калган. Элдик фольклордо: “Алты ай, жети ай жоголуп, салбуурун кетип калбасын” деп бекеринен айтылган эмес. Аңчылар топтошуп алышып, бир нече күнгө аңчылыкка тоого чыгып кетчү. Атты минген аңчылар жанына бүркүттү, тайганды жана жааны алган. Тамак-ашты жол бойлой таап жешкен. Дал ушул салбуурун көк-бөрү оюнунун башаты деген божомолдор бар. Тайгандар менен аңчылыкка чыкканда көбүнчө карышкырлар колго түшкөн, анын этин жигиттердин бири атка минип, астына туурасынан илип алып, жанындагылардан  жол тарткан. Калгандары аны кубалап жетип, этти тартып алууга аракет кылышкан. Ошентип, бири-бирин кубалап отуруп, аңчылар айылга келишкен. Келер замат дароо эле этти аксакалдын үйүнүн алдына таштаган. Салбуурун жигиттин эрдигин жана шамдагайлыгын бышыра турган оюн болгон. Кыргызстандын айрым аймактарында азыркыга чейин курал-жаракссыз, тайган, бүркүт жана жаа менен тамак тапкан, жырткычтардан малды сактай алган жигитти чыныгы эр жүрөк жана шамдагай деп баалашат. Дагы бир маанилүү нерсе: өзүнүн тайманбастыгын бир гана аңчы эмес, анын тайганы да көрсөтүшү керек болгон.

Ордо

Байыркы замандан азыркы күнгө чейин жеткен кыргыздардын белгилүү оюну. “Ордо” сөзү “хан сарай” дегенди билдирет. Ордо басып алууну чагылдырган оюн. Ал кандайдыр бир деңгээлде  аскердик карта да болгон, анткени жоокерлер ал аркылуу душманды кандай жол менен жеңүүгө мүмкүн болорун  үйрөнгөн. Жерге чийилген тегерек сызык душмандын аянты дегенди түшүндүргөн, ошентип атаандаштардын кармашуу планы иштелип чыккан. Хандын чыгып кетиши, башкаруучуну тактан кулатуу дегенди билдирген. Оюндун негизинде ички саясатты туура жана коопсуздукту сактоо менен жүргүзүү жөндөмдүүлүгү жатат. “Манас” эпосунда Бээжинге чыгардан мурун ордо оюну бекеринен ойнолгон эмес, мунун менен алдыдагы беттешүүнүн стратегиясы иштелип чыккан.

Эр-эңиш

Эр эңиш (оодарыш) – кыргыздардын салттуу ат үстүндөгү күрөшү. Күрөштүн бул түрүнүн эрежелери жана шаймандары аскердик керектөөлөрдөн улам пайда болгондугунан кабар берет. Эрежелерде кооптуу кыймылдарга уруксат берилген, бирок алдын-ала сактануу даярдалган эмес. Аларды душманды жеңип чыгуу үчүн колдонулган ырайымсыз, согуштук салгылашуунун ыкмалары катары бааласа болот. Мисалы: кабыргалардан кармоо, колдун булчуңдарынан кармоо, муундарды кайруу.

Бул жакта ат минген кишинин да, аттын өзүнүн да шамдагайлыгы жана күчү маанилүү. Эр эңишке чыга турган ат чыдамкай жана күчтүү, туруктуулукка бекем болуп, ага минген кишиге баш ийүүсү керек.

Ат чабыш

Кыргыздын жашоосун атсыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Кыргыз менен ат бул бир бүтүн нерсе болгон. Кыргыз “атта туулуп, атта өлгөн”. Эл арасында атка байланыштуу көптөгөн макал-ылакаптар, уламыштар  айтылып келет. “Манас” эпосунда Ак-Кула Бээжиндеги салгылашуу учурунда өлгөндөн кийин Манас баатыр канчалык ызага баткандыгы тууралуу сүрөттөлөт. Кыргыз үчүн аттын мыктысына ээ болуу өтө маанилүү болуп келет. Элдин арасында сынчылар да жашап өткөн, алар аттын болуктугуна, булчуң эттерине, дем алуусуна, басканына ж.б. белгилерине карап күлүк атты дароо аныктай алган.

Кыргыздардын жашоо-тиричилигинде да, салтанаттарында да аттын орду өчпөс болуп келет. Ат чабыш бир гана көңүл ачуу эмес, коомдук жана саясий мүнөзгө ээ болгон. Ат чабыштарды өткөрүүдө уруулардын арасында көптөгөн маселелер чечилген. Ат чабыш негизинен салтанат, мааракелерде уюштурулган. Ага айкын мисал катары “Манас” эпосундагы  “Көкөтөйдүн ашы” боло алат. Анда ат чабыштын мааниси жана көркөмдүгү кеңири баяндалат. Ар бир саяпкерде атты чабышка даярдоо боюнча  өзүнүн ойлоп тапкан жана кайталангыс ыкмасы болгон.

Тогуз коргоол

Тогуз коргоол манкала оюнунун түркүмүнө таандык. “Манкала” сөзү “кыймылдоо, кыймыл” дегенди түшүндүрөт. Манкаланын ар кандай түрү дүйнө боюнча абдан таанымал оюндар болуп саналат, анын болжолу менен 400 түрү бар деп айтылып келет. Көбүрөөк Африкада белгилүү, ал жакта манкаланын 90 түрүн ойношот. Алардын ар биринде өзүнүн айырмачылыктары, белгилүү бир элге тиешелүү жактары болот. Манкала оюндарынын Африкада жана Азиядагы маанисин жана ролун шахматтын Батыштагы мааниси жана ролу менен салыштырууга болот. Африка континентиндеги мамлекеттерде, Кариб бассейнинде, Түштүк Америкада жана Европанын кенен аймактарында бул оюндар жайылып кеткени менен манкала тобундагы оюндардын мүнөздүү элементи таштарды чогултуу болуп саналат. Бул оюндун кыргызча версиясында – тогуз коргоолдо – оюнчунун максаты коргоолдорду  мүмкүн болушунча көбүрөөк чогултуу болуп саналат. Оюнда майда, тегерек таштар колдонулган. Эмне себептен “тогуз”?  Анткени, тогуз деген сан көчмөн түрк элдеринин, алардын арасында кыргыздардын да  ыйык саны болуп эсептелген. Тогуз коргоолду Казакстанда “тогыз кумалак” деп, Түркияда болсо “докуз кумалак” деп аташат. Жогоруда айтылган оюндардын эрежелери окшош болгону менен аталыштары ар башка. Эр жүрөк эл тынчтык өкүм сүрүп турган мезгилде тогуз коргоолду ойноп, өзүнүн аскердик стратегиялык ой-жүгүртүүсүн өөрчүткөн. Оюндун негизинде аскерлерди багындыруу, душмандын байлыгын жана ээликтерине ээ болуу жатат. Мында ар бир коргоол бир жоокер дегенди билдирет. Тогуз коргоолдун башка манкала оюндарынан айырмачылыгы – оюндун шарты боюнча баардык алынган таштардын ичинен бирөө сөзсүз ошол эле өзүнүн чуңкурчасында калышы керек. Бул үй-бүлөнүн коломтосун сактоо салтынын көчмөн түрк элдеринин социалдык жашоосунда чагылдырылышы деп да атасак болот.

Кыргыз күрөш

Көчмөндөрдүн арасында салттуу спорттун негизги түрлөрүнүн бири болгон бел боо күрөшү жөгүндө  бир гана уламыштардагы сүрөттөөлөр эмес, тарыхый далилдер да байыртадан тарта бар болуп келген. Месопотамияда 10 см өлчөмүндөгү эки балбандын скульптурасы табылган.  Ал б.з.ч. 2500-жылга тиешелүү. Белгилүү “ТанШу” деп аталган 10-кылымдын кытай жазмасында Фергана өрөнүндө майрамдалган Нооруз майрамы тууралуу жазылып, бел боо күрөшү жөнүндө айтылат. 100 жыл өтүп, мындай кармашуу тууралуу таанымал дарыгер Абу Али ибн Сина да айткан. Өзүнүн эмгектеринде ал дене тарбия көнүгүүлөрүнүн ден соолук үчүн маанилүү экендигин айтып өткөн. Акырындап күрөш жигитти согушка даярдоо боюнча өз алдынча күрөштүн элементи болуп калган. Орто кылымдарда анын көчмөндөр үчүн турмуштук маанилүүлүгү жөнүндө айтып жатып, Ласло Кун мындай деген: “Бел боо күрөшү боюнча мелдеште ат үстүндө качып бараткан душманды кол менен алып түшүрүүгө үйрөнүшкөн”. Кыргыз эли күрөшкө өзгөчө маани берип келген. “Көкөтөйдүн ашындагы” Кошой менен Жолойдун жети күнгө созулган кармашы ачык-айкын жана даана сүрөттөлөт (башталышы, күрөштүн жүрүшү, жеңиш, унутулуп калган күрөштүн элементтери).

Көк-Бөрү

Көк-бөрүнүн пайда болуу тарыхы тээ байыркы доорлорду камтыйт. Эркектер урууну багуу үчүн аңчылыкка чыкканда малды аялдар жана аксакалдар карап калган. Ошол учурларда карышкырлар жайытка кол салып, көптөгөн кыйынчылыктарды алып келген. Аңчылыктан келген жигиттердин ачуусу келип, тез жана чыдамкай аттарды минип алып карышкырдын үйүрүн аңдып жөнөгөн. Үйүргө жеткенден кийин качып бараткан карышкырды колго алып, бири-бирине ыргытышкан. Мунун дагы бир кызыктуу версиясы бар: той учурунда жигиттердин астына тирүү карышкырды кое беришкен жана бийдин боз үйүнө чейин аны алып баруусун айтышкан. Алардын эң кайраттуусу гана кол менен тирүүлөй карышкырды алып, атка буту менен  мыкчыган бойдон айтылган жерге алып келе алган. Жигиттер бири-биринин колунан карышкырды алып отуруп, кимиси карышкырды же анын этин бийдин боз үйүнө алып келсе, бата алып, байгеге татыктуу болгон. Оюндун негизи максаты – аскердик даярдоо. Экинчи жагынан көңүл ачуу максатында ойношкон. Көк-бөрүнү ойноп жатканда жалгыз гана жигиттердин эмес, алардын аттарынын да тайманбастыгы тарбияланган. Оюн эркекти кайраттуулукка, эрдикке, баатырдыкка ж.б.  жоокердик сапаттарга көндүргөн. Мисалы: аттан кулап кеткен кишиден же кулап кеткен аттан секирип өтө албаган ат согушка ылайыктуу эмес деп табылып, четтетилген.