Кыргыз Республикасы

Кыргыз Республикасы


Кыргыз Республикасы Борбордук Азиянын түндүк-чыгыш бөлүгүндө, Евразия континентинин так борборунда жайгашкан. Кыргызстандын аймагынын болжолу менен 90 пайызы деңиз деңгээлинен 1500 метр бийиктикте жайгашкан.

Туризмдик потенциал.

  • 22 ар түрдүү экосистеманы;
  • 160 тоолуу жана түздүк ландшафттарынын ар түрдүүлүгүн (территориянын 94 пайызын тоолор ээлеп турат. Белгилүү тоо чокулары катары Жеңиш чокусун (7439 м), Ленин чокусун (7134 м), Хан-Теңир чокусун (6995 м) атасак болот. “Эңилчек” мөңгүсү дүйнөлүк масштабдагы белгилүү жерлердин бири катары эсептелинет);
  • дүйнөнүн бийик тоолуу аймагында жайгашкан эң чоң жана эң терең көл – Ысык-Көл башында турган саны 1923кө жеткен, көз жоосун алган кооздукка ээ көлдөрдү;
  • эриген тоо мөңгүлөрүнүн суусунан куралган 40тан ашуу дарыя жана кичине  өзөндү камтыган жогорку туризмдик потенциалга ээ ѳлкѳ.

Аймагы боюнча чоң өлкөлөрдүн катарына кирбесе да, республика  дүйнөнүн алдыңкы 200 экологиялык аймактарынын бири деп эсептелинет. Кыргызстанда өлкөнүн территориясынын 6 пайызын ээлеген, өзгөчө коргоого алынган аймактардын тармагы бар, алар: 1 биосфералык аймак, 10 мамлекеттик корук, 9 улуттук жаратылыш паркы, 68 заказник.

Кыргызстан байыркы Улуу Жибек Жолунун (боюнда 583 тарыхый жана маданий эстеликтер, археологиялк объектилер жайгашкан. Алардын кээ бири (Невакет, Суяб, Баласагын, ыйык Сулайман-Тоо дүйнөлүк масштабдагы мааниге ээ болуп ЮНЕСКОнун тизмесине кирген) боюнда жайгашкан.

Өлкөнүн аймагы адамзат цивилизациясынын байыркы борборлорунун бири катары таанымал. Борбордук Азияда б.з.ч. 1-миң жылдыкта эле белгилүү болгон кыргыз эли кылымдарды карытып, азыркы күнгө чейин өзүнүн эркиндигин жана маданиятын сактап келди. “Манас” үчилтиги, көчмөн калктын турак-жайы болгон боз үй, “шырдак” жана “ала кийиз” сыяктуу материалдуу эмес маданий мурастар ЮНЕСКОнун тизмесине катталган.

Кыргызстандын аймагында өлкөнү эл аралык туризмдин борбору катары алдыга чыгара турган туризмдик ресурстардын бардык түрү жайгашкан. Ошондой эле, Эл аралык Туризм Уюмунун маалыматтары боюнча Улуу Жибек Жолуна байланыштуу турларга кызыккан чет элдик туристтер туристтердин жалпы санынын 27 пайызын түзөт.

Туризмдин түрлөрү. Азыркы учурда Кыргызстандын туризм сектору төмөнкү негизги түрлөрдѳн түзүлгөн:

  • ден соолукту дарылоо жана чыңдоо туризми (курорттук-рекреациялык, чөптөр менен дарылоо, баткак менен дарылоо, жайлоо туризми, кымыз менен дарылоо ж.б.);
  • активдүү кыймылга бай туризм (тоодо жөө жүрүү туризми, ат туризми, велотуризм, экотуризм, альпинизм, рафтинг, автотуризми, дайвинг, дельтапланеризм ж.б.у.с.);
  • маданий таанып билүү туризми (кыргыз элинин маданияты, үрп-адаты, мурастары жана салт-санаасы менен болгон таанышуу, Улуу Жибек Жолу туризми, гастрономиялык туризм ж.б.у.с.);
  • кышкы туризм (тоолуу жерлерде лыжа менен жүрүү, фрирайдинг, сноубординг, кышкы турлар ж.б.у.с.);
  • кызмат ишине байланыштуу туризм (эл аралык саммиттер, форумдар, симпозиумдар, конференция ж.б.у.с.);
  • иш-чараларга байланыштуу туризм (эл аралык салттуу этнооюндар, улуттук майрамдар, чыгармачылык фестивалдар, конкурстар, көргөзмөлөр, спортко байланыштуу окуялар ж.б.).

Кыргызстанда ар түрдүү туризмдин түрлөрүн өнүктүрүү боюнча потенциал жана мүмкүнчүлүктөр бар болгону менен төмөнкү көйгөйлөр да орун алган:

  • Көптөгөн эл аралык эксперттердин баалоосу боюнча, Кыргызстан өзүнүн туризмдик потенциалын  15 пайыздан ашпаган деңгээлде гана колдонот;
  • Жыл бою жүргүзүлө турган туризмдин потенциалы өлкөдө бар болгону менен азыркыга чейин 3 айдан ашпаган туризмдин түрлөрү басымдуулук кылып келет;
  • Азыркыга чейин туризм түрлөрүнүн реестри расмий түрдө бекитиле элек, бул алардын ар түрдүү мааниде түшүндүрүлүшүнө негиз болууда.