Сыймыктуу жерлер

Бишкек

Тянь-Шандын тоо этектери таажы сымал шаарды курчап турат. Жашыл өң советтик доордогудай жыш болбосо да шаар анын көрктүү толкундарына чөмүлгөн. Ал эми качан карабасан да көп кабаттуу үйдүн терезелеринен болуп көрбөгөндөй кооздуктагы тоолор көздүн жоосун алат.

Б.з.ч. 5-4-кк. эле Бишкектин аймагында алгачкы адамдардын конуштары болгон. Бирок келечектеги шаардын башталышы Улуу Жибек Жолунун аркасы менен пайда болгон. Шаардын ордунда мурун Солто уруусунун кербен-сарайы жайгашкан, дал ушул жерден атактуу Бишкек баатыр чыккан. 7-12-кк. Заманбап борбор калаанын ордунда Жүл (Джуль) шаарчасы жайгашкан. Бул аймакта шаарлар Улуу Жибек Жолунун жоюлушуна чейин бар болуп келген – 16-кылымда кайрадан көчмөндөрдүн ээликтери болуп калган.

Кокондуктардын башкаруусу учурунда – 1825-жылы – Мадали хандын буйругу менен заманбап шаардын аймагында сепил курулган. Сепил Чүй облусундагы эң ири аскердик коргон болуп калган, анда жайгашкан  аскердик бөлүк (гарнизон) алдынан өткөн кербендерден алым алып турган. Ошентсе да кыргыздар тез эле Орусия хандыгынын жарандыгына кирген, жана сепилге бир нече жолу чабуул жасалып, орусиялык аскерлер тарабынан каратып алынган. 1862-жылы сепил кулаган, анын ордунда базары менен казак пикети негизделген, кийинчирээк – 1868-жылы – сепилдин ордуна Пишпек кыштагы негизделген, бул географиялык аймак шаар статусун 10 жылдан кийин – 1878-жылы 29-апрелде алган.

Тарых шамалдай сызып алдыга жылат, хандык түзүлүш (режим) кыйрап,  Кыргызстандын аймагына большевиктер жана социалисттер келе баштайт. 1924-жылы 24-апрелде Пишпекке “Интергельпо” деп аталган чехослав кооперативи келген, кийинчирээк ал жаңы заманбап шаарды кура баштайт. Шаар алгач Кара-Кыргыз автономдук облусунун административдик борбору, кийин Кыргыз автономдук облусунун борбору, 1936-жылдан тартып Кыргыз ССРинин борбору болот. Бул убакытта шаар өзүнүн жашоочусунун, советтик аскер башчысы Михаил Фрунзенин  аты менен аталган болот. Анын үйү музейге айланат – азыр борбор калаадагы музейлердин биринде Михаил Фрунзенин жашоо-турмушун көрүүгө болот. Фрунзе деген аталыш борбор шаарга бир гана баатыр-прототиби болгондугу үчүн жарашыктуу болгон  эмес, “фрунзе” румын тилинен “жашыл” дегенди түшүндүрөт  - чындыгында эле айланадагы жашыл түс сулуунун тармал чачы сымал шаарды көркөмдүккө бөлөгөн.

1991-жылы 1-февралда Кыргыз ССРинин Жогорку кеңешинин чечими менен шаар кайрадан Бишкек деп өзгөртүлүп, ошол кездеги “Киргизия” көз карандысыз Кыргыз Республикасы болуп калган.

Шаар боюнча сейилдөө

Акыркы жылдар ичинде Бишкек көзгө урунарлык деңгээлде өнүктү десек болот.  Чет жака деп эсептелген жерлер шаардын борборунан алыс жайгашпаган  турак-жайлуу район болду. “Шаардын борбору” деген түшүнүктүн өзү эле белгилүү бир ченде кеңейди.

Бишкек – ССРС калдыктарын жана издерин өчүрүүгө аракеттер көрүлбөгөн мурунку ССРСдеги айрым шаарлардын бири. Михаил Фрунзенин үйү мурдагы калыбындай эле  музейде турат. Шаардын өзүндө заманбап көп кабатуу үйлөргө толуп турбаган советтик архитектурадагы кварталдар көп. Ал эми анын борборунда, азыр  эми башкы салтанат аянтында эмес, парктардын биринде Лениндин эстелиги орун алган: бул эстелик – туристтердин жакшы көргөн, эң эле көп келген жери, анткени алар мурунку советтик борборлор боюнча кыйрабастан ордунда турган Ленин менен сүрөткө түшүүнү өзүнүн милдети деп эсептейт.

Парк зоналары

Шаардын көркүн жашыл өңү менен ачып турган парк зоналары өзгөчө бир орунга ээ. Уникалдуу парктардын бири Карагач токою – дүйнөнүн ар тарабынан Бишкекке алынып келинген дарактардын аз кездешкен түрлөрүнө бай. Парк саздак жерге 1881-жылы Фетисовдун демилегси менен орногон. Токойдо 50 түр дарак жана бадалдар, Комсомол жана Пионер көлү бар, ал эми чытырманда көптөгөн куштар уялайт.

Бишкек көк шибери менен өзүнө тартып турган парктарга жана ботаникалык бакчаларга толо. Таштуу токойлорго көнгөндөр үчүн Бишкек абдан эле жашылга чөмүлгөн шаардай элести калтырат.

Архитектура

Шаарга өзүнө жаңы жана бири-бирине окшобогон имараттарды куруп жаткан  эл аралык деңгээлдеги отелдер, дүйнөгө таанымал бренддер жана корпорациялар келүүдө. Турак-жайлардын курулушу да окшош бетон түзүлүшүндө болбой калды – шаардын тургундары кооз архитектураны күтүп калган кез, анткени чындыгында эле шаарда келишимдүү имараттардын саны улам өсүүдө. Бишкектин кварталдары өткөн мезгилге кайрып жаткандай сезилет – “хрущевкаларга” жана “сталинкаларга” толгон тааныш турак-жайлуу райондор, советтик доордогу фундаменталдык имараттар, фонтандар, өткөн доорго тиешелүү бийик имараттардын дубалдарын кооздоп турган мозаикалык сүрөттөр. Борбор калаанын мүнөздүү белгилери болуп анын аянттары эсептелет – Жеңиш аянты, Эски аянт жана эң эле таанымал болуп калган Ала-Тоо аянты.  Ала-Тоо аянтынын жанында Президент жана Парламент иштейт экени маалым. Бул аянт бир гана салтанаттарды эмес, кайгылуу учурларды да - митингдерди башынан өткөргөн. Кыргызстандын тарыхында эки жолу – 2005- жана 2010-жылдары бул аянтта бийликтин жана үй-бүлөлүк-кландык режимдин алмашуусуна алып келген окуялар болгон. Урпактар бул окуялардын курмандыктарын унутпасын деп  аянтка эстелик тургузулган.

Базарлар

Чет жакадан келгендер Бишкектин базарларын кыдырганды жакшы көрөт – мисалы, Ош базары өзгөчө бир чыгыш колорити менен өзүнө тартат, ал эми Дордой Борбордук Азия боюнча эң ири рынок, мамлекеттеги өзүнүн инфрастуртурасына ээ болгон бир мамлекет. Бул рынок Кыргызстандын экономикасына өтө чоң салым кошуп, миңдеген кишилерге жумушчу орундарын түзүп берди.

Табышмактар

Кыргызстан – активдүү тарыхый окуялар болуп өткөн жер. Бул аймакта көчмөндөр Кир, Дарий жана Искендер (Александр Македонский) менен менен күрөшүп келген, бул мамлекет кезектешип усундарга, карлуктарга, уйгурларга таандык болгон, ал эми 9-кылымда кыргыздар өзүнүн мамлекетин түзгөн, кийинчирээк аны В. Бартольд “Улуу Кыргыз Дөөлөтү” деп атаган. Советтик Союз да бул жерлерде өз изин калтырды. Жердин ар бир метри өзүнө тарыхты камтып турат – бир аз тереңирээк изилдей түшсөң эле, тарыхтын дагы бир доорунун далилине күбө болосуң – Андрон маданиятынын кумурасы, караханиддердин тыйыны же сталиндик репрессиянын курмандыктары.

Археология

Чүй облусу табышмактарга бай. Бул аймак таш доорун да башынан өткөргөндүгүнө табылган кенчтер далил боло алат. Археологдордун Чүй өрөөнүндө казып алган табылгалары эрте орто кылымдан тарта 13-кылымга чейинки мезгилге таандык: коло, күмүш жана алтын тыйындар, ошол мезгилдеги жашоо-тиричиликтин калдыктары, кумуралар, найзанын темирлери ж.б. 70-жж. Кызыл-Суу айылында караханид дирхемдерине толгон 30 килограммдык кенч табылган, ошол эле жерде 80-жж. Чагатай башкарган мезгилдеги тыйындар (16-к.) казылып алынган.

Токмок шаарына жакын айгашкан Бурананын жанында көптөгөн археологиялык табылгаларды көрсө болот. Айланасындагы жерлер дөбөлөргө (курган) толо, бирок тилекке каршы, 100дүн ичинен 99у уурдалып кеткен.

Бишкекке жакын жерде кызыктуу шаарча, мурун Тарсакент деп аталган – Кара-Жыгач орун алган. Ал христиандар жашаган шаарча болгондугу менен да белгилүү. Бул жакта христиандык символика менен жасалган 600 мүрзө таштары  табылган. Шаар Амир Темир тарабынан кыйратылган.

Ала-Арча

Ала-Арча – шаардын жашоочуларынын эң сүйүктүү эс алуучу жайы десек туура болот. Бул жаратылыш паркы борбор калаага абдан эле жакын – 41 км узактыкта жайгашкан. Бул жактын өзгөчөлүгү туристтерди таң калтырбай койбойт, анткени өсүмдүктөрүнө “кишинин колу тийе элек” десек болот, албетте шаарга жакын жайгашкан корук токойлор үчүн бул аз кезедешерлик көрүнүш. Паркта 70 түр дарак жана бадалдар, 50 түр дары чөптөр өсөт жана көптөгөн жаныбарлар байырлайт, алардын катарында Кызыл Китепке киргендер да бар: аркар, элик, каман, коен, түлкү, сүлөөсүн, буркүт, ак илбирс ж.б. Паркка жакын жерде Байтик баатырдын урматына арналып коюлган Байтик айылы жайгашкан, баатырдын сөөгү да дал ушул жерге коюлган.

Ата-Бейит

Кыргыз интеллигенциясынын лидерлеринин репрессияланганы көпчүлүккө маалым болгон. Бирок алар көмүлгөн жер көп убакытка чейин белгисиз бойдон кала берген. Тагыраак айтканда, ал жерди кокустан ошол окуяга күбө болуп калган адам жана катаал жазанын катышуучулары гана билген. Ал киши репрессиянын курмандыктары көмүлгөн жерди акыркы сапарга узаганга чейин сыр бойдон сактап, жашырып келген. Кийинчирээк ал өз кызына баардыгын айтып берген, кызы да бул катаал нерседен корксо дагы сырды ачыкка чыгарган. Кыргыз интеллигенциясынын лидерлери, ар кандай улуттун жана диндин өкүлдөрү, т.а. алардын сөөктөрү кыш бышыруучу мештен табылган. 4*4 метр өлчөмүндөгү жерде  137 кишинин сөөгү, күбөлүктөрү менен бирге болгон. Бирок бул репрессияга кабылган кишилердин сөөктөрүнүн бир гана бөлүгү, анткени Советтик Кыргызстанда он миңдеген адам репрессияга кабылган. Алардын сөөктөрүнүн көпчүлүгү бир аз кийинчирээк, биринчи өлүк көмүлгөн жерге жакын аймакта табылган. Ошол мезгилде “Ата-Бейит” мемориалдык комплекси курулуп, анда репрессияга учурагандардын калдыктары коюлган. Алардын арасында Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Жусуп Абдрахманов, Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов сыяктуу кыргыз маданиятынын агартуучулары жана саясатчылары болгон. Жазуучунун, Чыңгыз Айтматовдун, сөөгү да 2008-жылы ушул эле мемориалдык борборго коюлган.

Таштар-Ата

Кыргызстандын көпчүлүк кооз жерлери тарыхый объект катары да баалуу. Бирок байыркы мезгилге таандык болгону менен азыр деле заманбап болгон кооз жер – ыйык Таштар-Ата тоосу бар. Таштар-Ата Бишкектин тоо этектеринде жайгашкан. Дал ушул жерден Искендер  (Александр Македонский) жана Амир Тимур басып өткөн. Алгач дербиштер, кийинчирээк мусулмандар дуба кылган жер болгон. Бул ыйык жер кандайдыр бир күч-кубатка ээ сыяктанат.

Уламыштарда баяндалгандай, Таштар-Ата улуу баатыр болгон.  40 күн жана 40 түн бою душмандар менен күрөшкөн баатыр эс алууну чечип, ошол замат ташка айланып кеткен. Ошондон тартып элдер баштан өткөн кыйынчылыктардын символу катары деп таштарды бул жакка алып келе баштап, бул жер жасалма дөңгө айланган. Азыркы учурда бул дөбө психотерапевттик максаттарда колдонулууда – зыяндуу адаттар менен ооруган адамдар Назаралиев (дүйнөгө таанымал нарколог доктур)  борборунан келген психологдордун жардамы менен дарыланат. Кылымдардан бери окулуп келген дубалар сиңген бул жер баңгизаттарга көз каранды болгон адамдарга өтө чоң таасирди калтырат.

Талас

Талас – Талас дарыясынын жайылмасында жайгашкан Талас облусунун административдик борбору. Бирок расмий негизде заманбап шаар дарыянын сол жээгинде жаңыдан көчүп келген орустар жана украиндер отурукташып калганда, 1877-жылы гана пайда болгон. Мурун анын ордунда орто кылымдарда Текабкет шаары жайгашкан, өрөөндө болсо бир нече шаар жана кыштак  болгон, алардын арасында Шелжи, Атлах ж.б. бар. Тарыхта Талас салгылашуусунун – 751-жылы Атлахдын жанында болуп өткөн арабдар менен кытайлардын салгылашуусунун  - да орду бар. Төрт күн бою аскерлер согушту баштай албай бири-биринин бет маңдайында карлуктардын аскерлери кытайлардын тылына сокку урганга чейин тура берген. Кытай армиясы артка чегинүүгө аргасыз болушкан, арабдар дагы көпкө чейин туруштук бере алган эмес. Советтик жана Борбордук Азиялык окумуштуулар бул салгылашууну эки улуу цивилизациясынын беттешүүсү деп, ал эми салгылашуунун натыйжасын түрк элдерин исламдаштыруу деп атаган. Колго түшкөн кытайлыктар аркылуу кагаз жасап чыгаруу батышка тарап кеткен, анын үстүнө бир нече мамлекет болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөргө дуушар болгон: Кытайдын Тан империясы  өзүнүн мындай жайылтуусун 1000 жылга чейин токтотуп койгон, карлуктар көз карандысыз мамлекетти түзгөн, ал эми уйгурлар мурунку чыгыш-түрк каганатынын ээликтеринде өзүнүн бийлигин орното алган.

Манас Күмбөзү

Манас – кыргыз элинин көөнөрбөс мурасында чагылдырылган баатыр. Манас баатыр тууралуу эпос бар, аны Чыңгыз Айтматов океан сымал деп баалап, “Манас – кыргыз рухунун туу чокусу” деп айткан. Манас эпосу өзүнүн көлөмү жана бай мазмуну боюнча (500 553 сап) дүйнөдөгү эң чоң эпостордон көлөмү боюнча бир нече эсе өйдө турат. Мисалы: Саякбай Каралаевдин варианты Байыркы  Грециянын “Иллиада” жана “Одиссей” эпосторун кошкондо 20 эсе көлөмдүү, “Шахнаменин” көлөмүнөн беш эсе, “Махабхарата” жана “Рамаянадан”  2,5 эсе чоң. Анын үстүнө Кыргызстандын жашоочуларында эпос үч бөлүктөн – “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” турса, кытайлык кыргыздар билген эпос андан да көлөмдүү келет, Манас жана анын алты урпагы тууралуу т.а. 7 китептен турат.

“Манас” эпосу кыргыздардын башка элдерге болгон жакшы мамилесин мүнөздөп турат. Манастын жубайы - Бухара падышасынын кызы Каныкей, ал эми эң жакын досу – кытайлык Алмамбет болгон. Манас – ойдон чыгарылган баатыр эмес, чынында ал Барсбек баатырдын негизинде түзүлгөн. Барсбек – өз элинин көз карандысыздыгын сактай алган жана Кытайдын таажыдар башкаруучулары сыяктуу жетекчилери да чындап сыйлаган кыргыздардын улуу башкаруучусу. Ал эми Манастын эң жакын досу кытайлык Алмамбет Байыркы Кытайлык  аскер башчысы Ли Линдин көчүрмөсү сыяктанат.

Манас -  кыргыз элинин улуттук сыймыгы. Бишкекте Манас деп проспект, аэропорт, университет, шаарлардын борбордук аянтчалары аталып, эстеликтери тургузулган. Кооз Талас өрөөнүндө кыргыз эли кадырлаган Манас күмбөзү жайгашкан.

Нарын

Нарын шаары Талас сыяктуу эле дарыянын жээгинде жайгашкан, аталышы да ушул дарыянын атынан улам тандалып коюлган. Нарындын башаты Ысык-Көл жана Нарын облусунун бийик тоолуу өрөөндөрүндө жана жайлоолорунда башталып, Жалал-Абад облусу аркылуу өтөт. Фергана өрөөнүнүн чыгыш чет жакасында Кара-Дарыя менен жуурулушуп, улуу Сыр-Дарыясын түзүп турат.

Нарын шаарынын кытайлык чек ара менен болгон жакындыгынан улам (200км) аны Кытай дарбазаларына кирүүгө жол деп атап келишет. Мындан сырткары, Нарын Кыргызстандын эң суук шаары. Кыш мезгили бул аймакта 145-165 күнгө созулат. Нарын облусунун негизги аянтын токойлор, чөлдөр жана көлдөр менен кезектешип турган тоо кыркалары түзүп турат, Нарын шаары болсо көптөгөн туристтик жолдордун жөнөмө орду катары кызмат кылат.

Нарын Кашгарга карай узаган соода жолунда курулган, бирок анын расмий пайда болушу бул аймакта аскердик кыштактын пайда болгон күнү -  1868-жыл деп белгиленет.   Бул кыштакта орус аскерлеринин гарнизону болгон. Шаардын борборунда мемориал орун алган, ал большевиктердин жана ак гвардиялыктардын 1920-жылдагы куралдуу кагылышуусунунун урматына арналып тургузулган.

Таш-Рабат

Кыргызстандын Кытай менен болгон чек арасына жакын жерде Ат-Башыдан Аксайга чейинки жолдогу ашууда байыркы кербен-сарай – Таш-Рабат жайгашкан. Бул ошол учурдан тарта жакшы сакталып келген  объект, ага өз көзүң менен күбө болгондо бир нече кылымга артка жол тарткандай болосуң. Кербен-сарай 15-кылымда курулган. Бул кербен-сарай аркылуу дайыма ар кайсы мамлекеттин  соода кербендери өтүп турган. Таш-Рабаттын бул өгөчөлүгү 19-кылымга чейин сакталган. Кербен-сарай таштардан курулган, курулушта архитектор усталардын эмгеги бар экендиги да байкалып турат. Бир нече купол жана чыгыш мусулмандык стилдеги конок үйлөрү, борбордук чоң бөлмө жана чоң көлөмдүү кире бериши бар. Жалпысынан бул кербен-сарайда 40 бөлмө бар.

Таш-Рабат - Нарын облусундагы Кара-Коюн  капчыгайында жайгашып, Кыргызстандын эң кооз археологиялык жерлеринин  катарын толуктап турат.

Соң-Көл

Нарын облусу өзүнүн табигый өтө кооз жаратылышы менен айырмаланып турат. Көп сандаган көлдөр жана дарыялар  таажыдагы асыл таштар сымал жалтылдап, кооздукту көрккө бөлөйт. Алардын арасында асылдардын асылы, көрбөгөн жандар арман кылчу жайлардын бири - Соң-Көл көлү.

Соң-Көл – корук зонада жайгашкан Тянь-Шань тоолорунун эң кооз көлү, эл отурукташкан жер эң жакынкы – Чаек . Көл – заманбап жашоонун ызы-чуусунан чарчагандар үчүн эс алууга эң ыңгайлуу  жер болуп саналат: таза аба, тунук суу жана бул көлдө түнөк  кылган көп сандаган балыктар жана куштар. Кышында да тоңбогон Ысык-Көлдөн айырмаланып, Соң-Көл сентябрдан июнь айына чейин муз менен капталып турат, балыктар да ал жакка атайын алынып келингенге чейин такыр болгон эмес. Туристтер боз үйлөрдө жашап, өз көзү менен цивилизациядан алыс жашоо, асманда жаркырап, көлдүн бетинде чагылышып турган көп сандаган жылдыздарды көрүү, кыргыз ашканасынын табигый, таза жана даамдуу  тамак-ашы кандай болорун көрө алат.

Кошой-Коргон

Байыркы Атбаш шаары - Кошой-Коргон шаарчасы Нарын облусунун Ат-Башы айылынан 12 км алыстыкта жайгашкан. Бул эрте орто кылымда соода кербендеринин жолунда турган сепил-шаардын урандылары. Уламыштар боюнча, бул жерлер кыргыз элинин көрүнүктүү инсанынын ысымы – Кошой хандын ысымы менен байланышкан. Кошой ханды  Манастын акылдуу кеңешчиси деп билебиз. Эл оозунан айтылып келген ишенимдер боюнча, шаар ичиндеги сепилди дал ушул киши элди душмандардын кыйраткыч чабуулунан сактоо максатында курган. Көп жылдар бою сепил бекемдигинен жазбай, Кошойду алдамчылык жол менен жок кылганга чейин турган.

Чатыр-Көл

Чатыр-Көл – Ат-Башы жана Торугарт-Тоо кыркаларынын ортосунда жайгашкан “асман көлү”. Чатыр-Көлгө болжолу менен 17 дарыя куят, бирок көлдүн өзүнөн суу агып чыкпайт. Көл балыксыз деп эсептелгени менен, балыктар бар. Балыктын аздыгына карабастан, көл бир нече жапайы жана сейрек кездешкен келгин куштардын, мисалы:  Кызыл Китепке киргизилген индия тоо каздарынын байырлаган жери болуп келет. Көлдүн жээктери Тянь-Шандын көк карагайынан, түркстан арчасынан, чычырканактан, чекендиден ж.б. дары чөптөрдөн турган  укмуштуудай реликтилик токойлор менен курчалган. Токойдо жана тоонун өзүндө илбирстен, түлкүдөн жана карышкырдан тартып аркар жана кызыл суурга чейин ар кандай жаныбарлар байырлайт.

Мына эми, назарыңыздарда Кыргызстандын эң чоң, дүйнө боюнча эң терең жана ири көлү  - Ысык-Көл. Ысык-Көл – өзүнүн бир учурда эле деңиз жана бийик тоолуу климаты менен уникалдуу болгон аймак. Бул өзгөчөлүк спортчулардын машыгуусу үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзүп келүүдө.

Ысык-Көл

Ысык-Көл уламыштарга жана табышмактарга бай. Эң негизги уламыш – көлдүн тереңинде калган Чигу шаарынын калдыктары. 2014-жылдын 8-августунда анын дагы бир далили – усундардын борбор калаасына тиешелүү жаңы артефакттар табылган.

Дагы бир уламыш боюнча, көлдүн түбүндө бир гана шаар катылган эмес. Көлдүн түндүк жээктеринде суунун тегиздигинин алдында ыйык Матфейдин күчү көмүлгөн эски армян монастыры бар. Эң кур дегенде бул тууралуу 1375-жылга тиешелүү Каталондук дүйнө картасы билдирип турат. Кыргыз берметинин жээктери жалгыз гана табышмактарга эмес, тарыхый артефакттарга да бай. Алардын бири катары Сан-Таш ашуусун атасак болот. Уламыш боюнча, көчмөндөргө каршы кезектеги жортуулга жөнөп жатып бул жол менен Темирлан басып өткөн. Ал өзүнүн жоокерлерине бирден таш алып, аларды бир жерге чогултуусуна буйрук берген – жыйынтыгында бир чоң тоо пайда болгон. Кайра кайтып келе жатканда да дал ушул нерсе кайталанган, бирок экинчи тоо биринчи тоодон алда канча кичине экенин көрөт. Ошондон тартып Темирландын аскерлери басып өткөн ашуу Сан-Таш деп аталып калган, эсептөө таштары азыр да ордунда турат.

Петроглифтердин музейи

Ачык асман алдындагы уникалдуу эстеликтердин бири Чолпон-Ата шаарына жакын жайгашкан петроглифтердин музейи болуп саналат. Ачык асман алдында аскага чегилген сүрөттөрү менен таштар сакталып турат, ал эми экскурсиянын камкор жетекчиси келген конокторго бул сырдуу жазуулар канчанчы кылымда тартылганы тууралуу кененирээк айтып берет.

Ысык-Көлгө эс алганы келгендер көлдүн жээгинде жатуу менен эле убакыт өткөрүп, анча кыймылдуу болбогон туризм менен алектенишет. Ысык-Көл облусу чындыгында эле эко-туризмге, тарыхый туризмге, улуттук жана экстремалдык туризмге сонун мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бере алат.

Эңилчек

Көл жээгинен эң алыс жайгашкан жана ылайыктуу вариант – алпинизм, мисалы Эңилчекке мүнөздүү. Бул Борбордук Тянь-Шандагы 5697 метр бийиктиктеги тоо кырка, өзүнүн көлдөрүнө жана тик эңкейиштерине бай мөңгү. Кыркада “Түштүк Эңилчек” деп аталган деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктиктеги альпинисттик база бар. База Хан-Теңир жана Жеңиш  чокуларына чыгуу үчүн баштапкы жана Жыргалаңда, Ат-Жайлоодо жана Эчкилиташта саякатын баштаган туристтер үчүн акыркы  “чекити” болуп келет.

Эко-туризм

Жогоруда айтылып өткөндөрдөн сырткары, дагы көптөгөн эң кооз жаратылышка ээ капчыгайлар, көлдөр жана токойлор бар. Көлдүн жээгиндеги ар бир пансионатта эс алуучулар үчүн кызыктуу экскурсиялар да уюштурулат.  Мисалы: ат үстүндө корук жерлерде сейилдөө, капчыгайлардын биринде  шумкар менен аңчылык кылуу, көлдүн балык көп кездешкен жеринде балык улоо же болбосо дүйнөдөгү эң терең көлдөгү дайвинг – көлдүн астында калган шаардын тереңдигинде суу алдындагы сейилдөө.

Жомок

“Жомок” капчыгайында өзүңдү Марстын багындыруучусу катары элестете аласың, анткени чындап эле бул жердин ландшафты марстын ландшафтына окшоп кетет. Капчыгай көлдүн түштүк жээгинде Тосор айылынын жанында. Негизги жолдон 4 км алыстыкта жайгашкан. Жаратылыштын өзү кум менен ар түрдүүчө ойной берип чоподон жасалган укмуштуудай шаарды жасап койгон өңдөнөт, андагы ар бир сөлөкөт чындап жомоктогудай болуп, фантастикалык  фильмдерге куп жараша турган жасалга болуп бере алчудай болуп турат.

Ыйык лотос

Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан Тамга капчыгайындагы тоо таштарынын биринде “Ом мани падме хум” деп жазылган. Бул “Ыйык лотос дайым бар болсун” дегенди түшүндүрөт. Бул тибеттикдердин дубасы, ал эми таштардагы жазуунун өзү 8-9-кылымга тиешелүү – бул эрте орто кылымда ушул жерде жашаган буддисттердин мурасы. Буддисттер үчүн бул таштар ыйык  болуп саналат, ал эми капчыгайда дайыма зыяраттар болуп турат.

Сууда басуу

“Сууда басуу ыйык болсоң же Туз-Көлдө (Кара-Көл же Өлүк көл деп да аташат) турсаң гана мүмкүн”. Көл түштүк жээкте Балыкчы шаарынан 73 км алыстыкта жайгашкан. Көлдүн туздуулугу мезгилге жараша алмашып турат, бирок негизинен Өлүк деңизинин туздуулугу менен барабар. Көлдөгү суунун тыгызыдыгы кишини чөктүрбөйт, ал эми туздун жогорку концентраты псориаз сыяктуу көптөгөн ооруларга даба болуп келет. Көлдүн тереңиндеги тунма баткак  медициналык максатта колдонулат: кара баткак – сөөк жана булчуңдар үчүн, көк баткак – косметикалык максатта, жашыл баткак – гинекологияга пайдалуу.

Ысык-Көл жөнүндө уламыш

Бул уникалдуу көлдүн пайда болушу тууралуу көптөгөн мифтер жана уламыштар бар, жана алардын көпчүлүгү орто кылымдын эң мыктылары катары поэзиялык, жада калса кайгылуу чыгармалар.  Биринчи уламышка караганда көлдүн ордунда катаал жана өз дегенин бербеген башкаруучу жашаган шаар болгон. Ал башкаруучу көчмөн кедейдин айдай сулуу кызын көрүп, абдан ашык болуп калат. Ага миң түркүн белек-бечкектери менен жуучуларды жиберет, бирок кыз аны кабыл албай коет. Акырында кызды ала качып, башкаруучунун сарайына алып келишет. Башкаруучу кызды кайрадан макул кылууга аракет кыла баштайт, бирок ар-намыстуу кыз карыган чалдын жубайы болууну каалабай туруп алат, ошондо хан ага кыйнап үйлөнүүнү чечет. Өзүн маскаралыктан сактап калгысы келген кыз бийик сарайдын терезесинен ыргып кетет. Ошол маалда дубалдар серпилип, жер титиреп, ар тараптан суу агып, жалгыз гана  башкаруучунун сарайын эмес, бүтүндөй өрөөндү каптап калат. Шаардын ордуна таза жана суусу тунук көл пайда болгон, жайдын ачык күндөрүндө сарайдын урандыларын көрүүгө жана кыздын үнүн угууга болот. Ысык-Көл тууралуу ар бир уламышта байыркы кооз шаар тууралуу баяндалат, чындыгында эле ал шаар болгон. Дагы бир уламыш окумуштуулардын көлдүн пайда болуусу тууралуу божомолуна окшошуп кетет: катуу жер титирөөдөн улам жер жарылып, шаар жер астындагы сууга чөгүп кеткен. Уламышта айтылган боюнча, жер титирөөдөн бир күн мурун кыздардын тобу чырпык жыйнаганы шаардын чет жагына чыккан. Алар келген маалда шаар жок болуп кеткен. Жаңы пайда болгон көлдүн жээгинде отурган кыздар туугандарына күйүт кылып, көз жашын тыя албай ыйлашат, мына ушундан улам  тоонун тунук суусу мындай туздуу болуп калган.

Бүркүт жана зайтун бутагы

Орус саякатчысы жана изилдөөчүсү Николай Михайлович Пржевальский жөнүндө да уламыштар бар. Ал Ысык-Көлдү абдан жакшы көргөн. Көлдү алгачкы жолу көргөндө кийин көзү өткөндө сөөгү ушул жерге коюлсун деген керээзин айтып кеткен. Күндөрдүн биринде жергиликтүү чабандар койлорго кол салган өтө көлөмдүү бүркүткө болгон нааразычылыгын айтат. Бир нече ирээт аны аңдып, өлтүрүүгө аракет кылышканы менен, анын асманды багындырган канаттары кол тийгизбей коет. Бир күнү саякатчы ооруп калып, чатырында калууга мажбур болот, ошондо гана дал ошол бүркүттүн бар экендигине ишенет. Алсыздыгына карабай Пржевальский мылтык менен бүркүттү атып өлтүрөт. Ошондон тартып малчылар малды коркпой жайып калган, саякатчы көз жумгандан кийин анын мүрзөсүнө тумшугуна зайтун бутагын кармаган буркүт коюлган: бүркүт – сый-урматтын белгиси, ал эми бутак – адамзат тынчтыгы жана бакыты деген түшүнүктүн негизинде орнотулган.

Жети-Өгүз

Букалардын үйүрүндөй сөлөкөткө ээ болгон  тоолордун жана алар жайгашкан өрөөндүн пайда болушу да уламышка байланыштуу.  Байыркы заманда бул аймакта эки уруу жашаган экен, алардын башчылары абдан амалкөй болгон. Бир күнү алардын бири экинчисинин аялын ала качып  кетет, ошентип алардын ортосунда ич ара тартыш башталат. Согушту токтотуш керек болгон,  бирок башкаруучу аялды бергиси келген эмес. Вазирлери болсо башкаруучуга аялды өлтүрүп, анан жолдошуна өлүгүн кайтарып берүүсүн сунуштайт, анткени экинчи башкаруучу аялын андан  талап кыла баштаган. Чынында эле эгер аны өлтүрүп колуна бергенде убада да аткарылган болот, бир жагынан аял да эч кимге буйрубай калмак. Хан бул кеңешке макул болуп, мунун бардыгын ишке ашырыш үчүн өтө чоң  аш берүүнү чечет. Көп эл келет, даярдала турган аштын тамактары үчүн жети чоң бука байланып турган эле. Жетинчи бука союлганда башкаруучу сүйүктүүсүн өлтүрөт, анын каны тоолорго чачырайт (ал канды азыр да зоокада көрүүгө болот). Анын каны менен бирге кайнак суу да чачырай түшөт, бул суу мыкаачы хандын тукумун бүт каптап, жети чоң кызыл буканы агызып кетет, ал эми өрөөн жана тоолор бул окуяга байланыштуу аталышты Жети-Өгүз деп алып жүрөт.

Жараланган жүрөк

Баардык эле элде ырайымсыз башкаруучулар тууралуу уламыштар болот. Төмөндөгү жараланган жүрөк түзүлүшүндөгү тоо жөнүндө уламыштын башкы каардуу каарманы – хан. Ошентип, качандыр бир мезгилде бул берекелүү аймакта карып калган жана бир чоң гаремге ээ болгон хан жашаган экен.  Бир күнү сулуулугу күн нурундай жылуу болгон бир жаш кызды көрүп калган хан, жашы өтүп калганына карабастан эмнеси болсо да кызга жетүүнү чечет. Кедей үй-бүлөнүн кызы, бирок чырайлуу айым буга чейин эле сөйкө салынып, өзү сүйгөн бир жаш жигитке убадаланган болот. Хандын каалоосун уккан эки жаш  тоого качууну туура көрөт, бирок артынан кубалаган хандын адамдары жигитти өлтүрүп, кызды болсо ханга кайтарып берүүнү чечет. Аны ашуудан чыгарып баратканда, кыздын жүрөгү чыдабай, ал да каза табат.  Ошол күндөн тартып, тоодогу дал ошол жер жараланган жүрөккө окшош.

Барскоон кыштагы

Барскоон деп аталган заманбап кыштактын жанында орто кылымдарда сепил-шаар – Барсхан жайгашкан. “Барсхан” топоними барсхан уруусунун аты менен байланыштуу болсо керек, анткени эрте орто кылымдарда Ысык-Көлдө башка тууган түрк тилдүү уруулар жана тукумдар менен барсхан уруусу жашаган. Көрүнүктүү окумуштуу жана түрколог Махмуд Кашгаринин атасы бул жерде караханид каганатын бийлеп турган, ал эми келечектеги окумуштуу-түрколог дал ушул шаарда туулуп, өскөн. Саясий абалдын өзгөрүшүнөн, ич ара тартыштын күчөшүнөн (натыйжасында анын атасы Хусейин өлтүрүлгөн) улам  Махмуд Кашгарга көчүп кетет. Улуу окумуштуунун ата-энеси Караханид династиясынын өкүлдөрү болгон. Барсхан шаары монголдордун кол салуусуна чейин бар болгон.

Ош

Ош- Кыргызстандын түштүк борбору өлкөнүн аймагындагы эң байыркы шаар. Анын жашы жана тарыхы аябагандай чоң – шаарга 3000 жыл болду. 2000-жылы эл аралык деңгээлде шаардын 3000-жылдыгы белгиленген. Шаар Фергана өрөөнүнүн түшүмдүү жана берекелүү жеринде орун алып, Борбордук Азиядагы мусулман диний борборлорунун бири болуп саналат. Анын эң кооз жерлери деп көптөгөн байыркы мечиттерди жана ыйык Сулайман-Тоосун атасак болот.

Ош шаарынын тарыхы өтө бай. Археологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Сулайман-Тоонун эңкейишинде б.з.ч. 1-миң жылдыкта эле байыркы кыштактар орун алган. Байыркы кытайлык саякатчы жана элчи Чжан Цзян б.з.ч. 2-кылымдын аягында өзүнүн күндөлүгүндө азыркы шаардын ордунда мурун Гуйшан-Чен (ыйык тоонун алдындагы шаар) деп аталган шаар болгонун жазган. Б.з.ч. 1-кылымда, Эрши деп аталган борбор калаа хандын аскерлери тарабынан кыйратылгандан кийин  байыркы Ош шаары – Гуйшан-Чен Даван мамлекетинин жаңы борбору болгон. Орто кылымдарда Ош шаары жөнүндө  көбүрөөк араб жана парсы авторлорунун аңгемелеринде кезиктирүүгө болот. Ош Улуу Жибек Жолунда жайгашкан жана эл аралык соода-сатыкта маанилүү ролду ойногон. Маданий жана диний, экономикалык жана саясий борбор катары шаар өзүнүн ордун жана маанисин кийинки кылымдарда  да жоготкон эмес.

Ыйык Сулайман-Тоо көп жылдар бою ЮНЕСКОнун тизмесине кошулган Кыргызстандын бир гана объектиси болгон. Азыркы тапта ал тизмеде Ак-Бешим шаарчасы (Суяб), Кызыл-Суу шаарчасы (Невакет) жана Бурана (Баласагын) бар. Сулайман-Тоонун чокусунда ферганалык башкаруучу, теги боюнча тимурид Бабурдун буйругу менен курулган  үй жайгашкан. Советтик жылдарда үй  бузулуп, бирок кайра куруу жылдарында калыбына келтирилген. Көптөгөн кооз жана байыркы мечиттерден сырткары кызыктуу объект катары тоо бетине түшүрүлгөн сүрөттөргө жайнаган Сүрөт-Таш аскасы каралат.

Өзгөн

Кыргызстанга көрк берген дагы бир байыркы шаар. Кытайдан батышка карай чыгыш Жер ортолук деңизине чейинки жолдо, Улуу Жибек Жолунда курулган, күчтүү сепилдүү, абдан өнүккөн шаар болгон. 11-к. Өзгөн шаары батыш-караханид каганатынын биринчи борбор калаасы болгон. Шаар кооз жаратылышка ээ болгон Өзгөн өрөөнүндө жайгашып, бир башкача көчөлөрү, укмуштуудай бакчалары, базар аянтчасы, кербен-сарайлары жана хамамдары болгон. Шаарда медресе жана мечиттер жайгашкан. Азыркы убакта Борбордук Азиялык мусулман архитектурасынын эң мыкты үлгүлөрү катары байыркы шаардан үч мавзолей жана мунара гана калган. Эң эски мавзолей 11-кылымга тиешелүү. Жасалгасы: кыштары кештелип коюлуп, оймо-чиймелер түшүрүлгөн, эки анча билинбеген чоң кире бериши бар. 

Кара-Дарыя шаарчасы

Өзгөн менен Кара-Кулжанын ортосунда б.з.ч. 4-3-к. тиешелүү болгон Кара-Дарыя шаарчасы – кушан маданиятынын сакталып калган эң мыкты үлгүсү орун алган.

Шоро-Башат шаарчасы

Өзгөн жана Жалал-Абаддын ортосунда Шоро-Шабаттын -  б.з.ч. 8-5-кк. Фергананын диний жана аскердик борборунун урандылары бар. Шоро-Шабат Яссы дарыясынын жайылмасында жайгашып, цитаделден (шаар ичиндеги чеп), диний комплекстен, лагерден жана баш калкалоочу жайдан турат.

Мындай аталыштагы шаарлар жана кыштактар абдан көп – Афганистанда үчөө, Индияда жана Пакистанда төртөө, Иранда 19. Бизде бир гана Жалал-Абад бар.

Жалал-Абад

Шаар Аюб-Булак тоо этегинде жайгашкан, анын негизги дарыясы шаардын жанында аккан Кара-Дарыянын оң куймасы Кугарт. Шаар жылуу климат мүнөздүү болгон, түшүмдүү жерде жайгашкан. Убагында сугарылып турган жердин түшүмү күткөндөн да берекелүү жана мол болот.

Жалал-Абад Бишкек жана Ош сыяктуу эле Улуу Жибек Жолунда негизделген. Алгач бул дарылык касети бар булактын түбүндөгү кыштак болгон, бирок бара-бара убакыт өтүп, булакка адамдар тартыла баштайт, айыл чарба, жада калса кол өнөрчүлүк пайда болот. 19-кылымдын 70-жж. аягында алгачкы орустар көчүп келет, аскердик госпиталь курулат. 1876-жылы Жалал-Абад Орус империясы Фергана облусунун Кокон үйөзүнүн курамында шаар статусуна ээ болот.

Жалал-Абад өзүнүн дарылык касиетке ээ болгон булактары менен белгилүү, качандыр бир мезгилде дал ошолордун айланасында кичи кыштак Жалал-Абад курулган. Булактардын дарылык касетин орус изилдөөчүлөрү жана саякатчылар да далилдеген. Советтик доордо Жалал-Абаддын курорттору өзүнүн минералуу суулары жана баткак менен дарыоо боюнча белгилүү болгон бүткүл союздук санаторийлер болуп эсептелген. Өзүнүн санаторийлери менен Жалал-Абад азыр да белгилүү.

Арсланбап

Арсланбап – Жалал-Абад облусунун дүйнөдөгү эң чоң жемиштүү жана уникалдуу жаңгак токою. Бир жылда токойдо 1500 тонна жаңгак, 5000 тонна алма, мисте жана алча  жыйналат. Адамдар  табияттын бул белегине өтө аяр мамиле кылат, токой корук деп жарыяланган. Кыргыздарда Искендер (Александр Македонский) Чыгыш жортуулунан кайтып келе жатып, жоокерлерине жаңгактарды чогулттурган, анын көзү өткөндөн кийин жаңгактар анын жергесинде өстүрүлүп, “грек жаңгагы” деп атала баштаган. 

Саймалуу-Таш

Көк-Арт тоолорунда Казарман айылынан 30 км алыстыкта,  ондогон гектар жерде жайгашкан, таш бетине түшүрүлгөн сүрөттөрдүн галереясы. Бул таш бетине чегилген сүрөттөр илимде петроглифтер деп аталат, сүрөттөр  коло дооруна тиешелүү (б.з.ч. 2000-ж.), жашоо-тиричиликтин жана аңчылыктын, согуштун жана тынчтыктын, бул жерде жашап өткөн байыркы уруулардын диний ишенимдеринин  ачык-айкын сүрөттөлүшү деп атасак болот. Өзгөчө белгилей кетчү нерсе айрым петроглифтер велосипеддерге жана космоновттарга да окшоп кетет.

Казармандан бир аз алысыраак жерде шаарча – 5 метрлик көр дөбөлөрү менен курчалган сактардын жана усундардын дооруна арналаган эстелик сакталып калган.

Сары-Челек

Сары-Челек көлү көп кылым мурун тоо көчкүсүнөн улам пайда болуп, бир гана жаңгак мөмөлүү токойлор менен эмес, сырдуу уламыштарга да бай болду. Уникалдуу жараталышы 1959-жылы корук деп жарыялангандыгы азыркыга чейин жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү баштапкы калыбында сактоого мүмүкүнчүлүк түзгөн. Сары-Челек паркынын аймагында бугуну, аюуну, сүлөөсүндү жада калса ак илбирсти да кезиктирүүгө болот. Аңчылыкка тыюу салынган. Корук зонасынын түндүк эңкейиштеринде түбөлүк турган тоң зоналары, бийик тоолуу көлдөр бар, эң негизги көл –  Сары-Челек  көлөмү менен айырмаланып турат – узундугу 765 метр, туурасы 350-1500 метр, Кыргызстанда тереңдиги боюнча (234 метр) экинчи орунду ээлейт. Көл ажайып кооздугу жана суусунун тунук тегиздиги менен өзүнө тартып турат.

Уламыштар боюнча аары багуучу киши көлдү көрүп, алтын күзгө балкып турган токойдун суунун тегиз бетинде  чагылышкан элесин балга толгон челекке окшоштуруп, ушундай атап  койгон. 

Баткен

Баткен 1934-жылынын апрель айында негизделген (ага чейин кадимки жөнөкөй айыл болгон). 1999-жылы Ош облусунун үч түндүк районунан Баткен облусу түзүлгөндө Баткен административдик борбор болуп калган. Ушуга байланыштуу ага шаар статусу 2000-жылы ыйгарылган.

Орто кылымдарда бул жерде гүлдөп өскөн жана бай шаарлар абдан көп болгон, бул берекелүү өрөөн аркылуу Кокандга, Самаркандга, Букарага, Хивуга жана Кашгарга  жана Чыгыштын башка шаарларына соода жолдору өтүп турган. Анын аймагында азыркыга чейин бир нече байыркы шаарчалар сакталып калган. Азыркы заманбап Баткен башка байлыктарга – жаратылыш байлыктарына ээ. Тоолордо өтө көп минералдык булактар бар, ал эми бул тоолордун ландшафты альпинизмди өнүктүрүү үчүн идеалдуу болуп саналат.

Дугаба

Баткендин тоолорун багындыргысы келген альпинисттерге Дугаба дарыясындагы капчыгайда жайгашкан  “Дугаба” базасы сөзсүз түрдө жагат. База баардык эл аралык стандарттарга жооп берет, ал эми бош убактысында альпинисттер жаратылыш менен суктанууга мүмкүнчүлүк алат. База ийне жалбырактуу токойлор менен курчалган, жогору жагында түбөлүк кар чек арасына чейин узаган альпы шалбаалары бар.

Айгүл

Баткендин башкы символу өрүктөрүн эсептебегенде Айгүл гүлү болуп саналат. Гүлдүн өзгөчөлүгү - Айгүл-Таш тоосунун күн тийбеген тарабында өскөндүгү жана бир метрдей узундугу. Анын кызыл-сары желекчелери коңгуроо сымал болуп турат, ал эми апрель айында гүл гүлдөгөндө Баткенде гүл майрамы майрамдалат.