05.09.2018 16:32

Ак илбирс өргөсү

БУУӨПтүн өргөсүндө ак илбирстин жашоо-тиричилиги тууралуу инсталляция көрсөтүлдү. Ак илбирс III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары болуп таанылганын белгилей кетебиз. Бул жерде байыртадан эле кыргыз эли үчүн ыйык болуп саналып келген жаныбар тууралуу маалыматтар бар брошюралар дагы коюлган.   

Ак илбирстин жашоо чөйрөсүнүн үлгүсүндө жасалгаланган өргө меймандарга илбирс дүйнөсүнө сүңгүп кирүүгө өбөлгө түзөт.

Меймандар үчүн фотозона уюштурулган, ал жерде илбирстин скульптурасынын жана сүрөттөрүнүн, Кызыл китептин, мергенчинин үйүнүн фонунда же инстаграмда унутулгус кадрларды тартууга болот.

«Ак илбирстин кареги» инсталляциясында меймандар үчүн кызыктуу мастер-класстар, балдар үчүн кызык оюндар, квесталар, пазлдар жана көптөгөн нерселер уюштурулат.