01.07.2016 14:00

Алексей Миллер: “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына кыргыз досторубуздун күйөрманы болуп келем”

Кечээ, 30-июнь күнү Москвада “Газпром” коомдук акционердик коомунун жыйынтыктоочу пресс-конференциясы болуп өттү. Иш-чаранын алкагында башкармалыктын төрагасы жана директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Алексей Миллер 2015-жылдын жыйынтыктары боюнча отчет берди жана журналисттердин суроосуна жооп берди.

 “Тувин чындыгы” (“Тувинская правда”)  гезитинин өкүлү өзү айткандай саясатка жана өндүрүшкө тиешеси жок суроону узатты: “Кыргызстанда уникалдуу эл аралык спорттук мелдештер – Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары өтүп жатат. Бул биздин аймак үчүн, Орусиядагы башка азия элдери үчүн да маанилүү окуя. Өткөндө “Газпром” Оюндардын генералдык спонсору болгон. Жакында өтө турган Оюндарга да колдоо көрсөтүлөбү?”.

Алексей Миллер бул суроону жагымдуу деп белгилеп, төмөндөгүдөй жооп берди: “Белгилүү болгондой эле “Газпром” Кыргызстанды газ менен камсыздоо боюнча жоопкерчиликти толугу менен өз мойнуна алган. Биз “Газпром – Кыргызстан” компаниясынын 100 пайыздык ээси болдук. Азыркы тапта республиканын газ ташуу системасын реконструкциялоо жана жаңылоо боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз. Өткөн кышта Кыргызстандын бардык аймактары газ менен толук өлчөмдө камсыздалгандыгы биз үчүн өтө жагымдуу нерсе. Өлкөнү газ менен камсыздоону мойнубузга алгандан кийин, коомдук багыттагы ишкана катары Кыргыз Республикасындагы “Газпром-балдар үчүн” программасын ишке ашыруу жоопкерчилиги да биздики болду. Жакында өтө турган Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына карата Чолпон-Ата шаарында дене тарбия жана ден соолукту чыңдоочу  комплекс курулат. Ал жакта мелдештердин бир бөлүгү өтмөкчү”.

Алексей Миллер белгилеп кеткендей, “Газпром” Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына, айрыкча медиа жаатында да колдоо көрсөтөт.

 “Мындайча айтканда, “ГазпромМедиахолдинг” компаниясынын мүмкүнчүлүктөрү тарабынан колдоо көрсөтүлөт. Жана бул жылы өзүм кыргыз туугандарыбыздын күйөрманы болуп барууну пландап жатам” – деп “Газпром” компаниясынын башчысы сөз берди.

Алынган булак: Zanoza