21.07.2016 15:00

Азербайжан Дуйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016га катышаарын билдирди

Азербайжан Республикасы спортчулары Экинчи Дуйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына (ДКО) катышаарын расмий түрдө билдирди. Бул жѳнүндѳ тиешелүү кат Азербайжан Республикасынын жаштар жана спорт министрлиги тарабынан ДКО 2016нын катчылыгына жөнөтүлгөн.

“ДКО программасына киргизилген оюндарга канча спортчу катышаарын жана делегациялардын курамы жѳнүндѳ маалыматтар белгиленген мөөнөттө берилет”, - деп катта билдирилген.

2016-жылдын 21-июлуна карата ДКО 2016га 18 мамлекет катышаарын билдиришти:

1. Азербайжан (спорт министрлиги);
2. Аргентина (күрөш алыш);
3. Армения (күрөш алыш);
4. Бразилия (күрөш алыш);
5. Венгрия (жаа атуу); 
6. Гватемала (күрөш алыш);
7. Израиль (күрөш);
8. Индонезия (күрөш);
9. Казахстан (спорттун 9 түрү);
10. Колумбия (күрөш алыш);
11. Монголия (күрөш);
12. Пакистан (күрөш);
13. Перу (алыш күрөш);
14. РФ Башкортостан (күрөш); 
      РФ Карачаево-Черкесия (күрөш); 
      РФ Свердлов областы (күрөш); 
15. Словакия (жаа атуу);
16. АКШ (күрөш, ордо жана тогуз коргоол);
17. Түркмѳнстан (күрөш);
18. Эквадор (күрөш алыш).

Ошол эле учурда КРнын Тышкы иштер министрлиги, ДКО 2016 катчылыгы, КРѲнүн Жаштар, дене тарбия  жана спорт агенттиги, Улуттук спорт дирекциясы менен федерациялары тарабынан ДКО 2016га катышууга 36 мамлекет менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 

Маалымдама: Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын өткөрүү тууралуу Жобого ылайык катышуучу-мамлеккеттер табыштамаларын ушул жылдын 7-августуна чейин жөнѳтүүсү зарыл.