27.07.2016 17:00

Биринчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катышкан мамлекеттердин саны боюнча чек артта калды

Тажикстан Республикасы Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катышаары тууралуу табыштамасын жөнөттү.

Бул маселе Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы элчилиги тарабынан иштелип чыкты. Оюнга катышуу боюнча табыштамалар Тажикстандагы алыш, гүлеш жана таяк тартыш федерациялары тарабынан жөнөтүлгөн.

Жөнөтүлгөн табыштамаларга ылайык алыш, гүлеш жана таяк тартыш спорт оюндарынын түрлөрүнөн курамы 21 катышуучудан турган спорт делегациясынын келиши күтүлүүдө.

Мындан тышкары алар менен көк-бөрү, ат чабыш жана башка оюндар боюнча командалардын келиши тууралуу сүйлөшүүлөр уланууда.

27-июлга карата, ДКО 2016га катышуу тууралуу 20 мамлекеттен табыштамалар келип түштү:

1. Азербайжан (күрѳш түрлѳрү, ат чабыш);
2. Аргентина (алыш);
3. Армения (алыш);
4. Бразилия (алыш);
5. Венгрия (жаа атуу);
6. Гватемала (алыш);
7. Израиль (күрѳш түрлѳрү);
8. Индонезия (күрѳш түрлѳрү);
9. Казахстан (күрѳш түрлѳрү, ат чабыш, ордо, тогуз коргоол, кѳк-бѳрү, эр эниш);
10. Кытай (ат чабыш, алыш, мас-рестлинг, жаа атуу);
11. Колумбия (алыш);
12. Монголия (күрѳш түрлѳрү);
13. Пакистан (күрѳш түрлѳрү);
14. Перу (алыш);
15. РФ Башкортостан (күрѳш түрлѳрү, кѳк-бѳрү, жаа атуу);
      РФ Свердлов областы (күрѳш түрлѳрү);
      РФ Карачаево-Черкессия (күрѳш түрлѳрү);
16. Словакия (жаа атуу);
17. АКШ (күрѳш түрлѳрү, ордо и акыл курчуткан оюндар);
18. Тажикистан (алыш, гюлеш, мас-рестлинг);
19. Түркмѳнстан (күрѳш түрлѳрү);
20. Эквадор (алыш).

Ошентип, Биринчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катышкан мамлекеттердин саны боюнча чек артта калды. Биринчи Оюндарга 19 мамлекет катышкан.