10.05.2016 18:00

Бишкек шаарында 10 май күнү волонтерлукка талапкерлер менен жолугушуу болуп өттү


2016-жылдын 10-майында күнү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын волонтерлук кыймылына катышуу боюнча арыз таштаган талапкерлер менен жалпы жолугуу өткөрүлдү.

Бул чогулушта талапкерлер Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын уюштуруучулары менен таанышышты. Жаштар иштери, Дене тарбия жана Спорт мамлекеттик агентствосунун башчысы, “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016” катчылыгынын өкүлдөрү, “Манас” республикалык жаштар ордосунун директору, ошондой эле өз ыктыярдуу элчилер: ырчы Аяна Касымова жана “Главная сцена” долбоорунун  катышуучусу Кайрат Примбердиев чыгып сөз сүйлөдү.

 “Волонтерлуктун пайда болуу тарыхынан” темасынын алкагында катышуучулар үчүн сессия өткөрүлүп, Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары тууралуу бир канча видеолор көрсөтүлдү.

 700дөн ашык киши бул иш-чаранын катышуучусу болду, ал эми эң активдүүлѳрүнѳ “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016” туристтик фестивалына карата жасалган атайын сувенирдик белектер берилди. Талапкерлер Оюндарга болгон кызыгуусун жашырбай, уюштуруучуларга ар кандай суроолорду берип, аларга жооп ала алышты.