11.05.2016 12:00

Бишкек шаарынын тургундары мас-рестлинг боюнча мелдеш өткөрөт


Бишкек шаарында таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча шаар биринчилиги өткөрүлөт, бул тууралуу маалыматты шаардын спорттук комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча Спартакиадага катышуу максатында Таяк тартыш боюнча күчтүү спортчулар Бишкек шаарынын курама командасына тандалмакчы. Спорттук иш-чара 13-14-майда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөрүлмөкчү. 

Мелдеш эркектер арасында 6 салмактык категория боюнча өтөт: 60,70, 80, 90, 105 кг чейин жана  105 кг жогору, ошондой эле аялдар арасында 3 салмактык категорияда өтөт: 55, 65 кг чейин жана 65 кг өйдө.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар, дипломдор жана баалуу байгелер менен сыйланат.

Алынган булак: Sputnik Кыргызстан