03.08.2016 08:00

Чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарынан II ДКОн чагылдыруу боюнча арыздар түшүүдѳ

Ысык-Көлдө 3-8-сентябрда өтө турган II Дүйнөлүк Көчмөн Оюндарын чагылдыруу боюнча чет өлкөлүк жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн аккредитациялоо өнөктүгү улантылууда.

Бүгүнкү күнгө Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын катчылыгы жана КРнын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын ачуу жана жабуу аземин, ошондой эле спорттук жана маданий иш-чараларды чагылдырууга кызыктар 57 чет мамлекеттин, 46 жергиликтүү ЖМКлардын арыздары каралды.

Көчмөндөр Оюндарын Азербайжан, Беларусия, Германия, Тажикстан, Казахстан, Малайзия, Орусия, Нидерланды, АКШ, Израиль, Индия, Турция, Япония, Кытай жана Франциянын алдыңкы ЖМКлары чагылдырууну пландашууда.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 15-июлунан тартып Көчмөндөр Оюндарын чагылдыруу боюнча ЖМКларды аккредитациялоо өнөктүгү жүрүп атат. Аны Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын катчылыгы жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жүргүзүүдө. Аккредитациялоо 10-августка чейин улантылат.

Чет өлкөлүк жана жергиликтүү аккредитацияланган журналистерге аккредитациялык карталар (бейдж) 20-25-августка чейин берилет.

Жогоруда аталган иш-чараларды чагылдырууда милдеттүү түрдө аккредитация картасын алып жүрүү абзел. Аталган карта маданият жана массалык иш-чараларды чагылдырууга да укук берет.

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын катчылыгы