11.08.2016 13:12

ДКО алкагында Бишкекте этникалык мода жана музыка боюнча республикалык конкурс өтөт

Бишкекте “Супара” этнокомплексинде 12-14-августта II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында этникалык мода, музыка жана ыр боюнча республикалык конкурс өтөт.

Республикалык конкурстун максаты башка маданияттын улуттук салт-санааларына болгон сый-урматты тарбиялоо, ошондой эле жаш музыканттардын чыгармачылык чебердигин жана аткаруучулук маданиятын көтөрүү, фольклордук көркөм өнөрдүн эң мыкты үлгүлөрүн жайылтуу максатында этномузыкада ар кандай багыттагы таланттуу аткаруучуларды жана топторду аныктоо жана аларга колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Мындан сырткары, жөндөмдүү дизайнерлерди ачуу, элдик кол өнөрчүлүк чыгармачылыгындагы усталарды колдоо, жаштардын чыгармачылык активдүүлүгүн көтөрүү, модель жасоо жана кийим-кече дизайны жаатындагы чыгармачылык жетишкендиктерди таанытуу, күнүмдүк кийимдер жана азыркы адамдын жашоосундагы ар кандай тармактарда этникалык салт-санааларды улоо да максаттардын катарында бар.

Конкурска катышуу үчүн ар кандай аспаптарда ойноо менен жеке же топтун курамында ырдаган, этно музыканын ар кандай багыттарында (фолк жана неофолк, фолк-рок, джаз-фолк, этно-поп, нью-эйдж, дүйнөлүк музыка, дүйнө элдеринин музыкасы) өзүн сынап келе жаткан профессионал музыканттар жана музыка сүйүүчүлөр чакырылган.

Андан сырткары, кийим-кече жана аксессуарлар боюнча жаш дизайнерлер: кесиптик мектептерде жана ЖОЖдо окуган, иштеп жаткан модельерлер жана кийим-кече дизайнерлери, ошондой эле бул багыттын сүйүүчүлөрү чакырылды. Номинациялар үч багыт боюнча болот: этно-стиль, авангард жана аксессуарлар.

Этномода боюнча конкурста 40тан ашык конкурсанттар катышкан, алардын арасынан кийинки турга 28 катышуучу өттү.

Этно-хит боюнча да 40тан ашык табыштамалар түшкөн. Алардын ичинен 17 катышуучу өттү.

Конкурстун жеңүүчүлөрү “Nomad Fashion Fest 2016” фестивалына катышууга мүмкүнчүлүк алат. Бул фестиваль 2016-жылдын 5-7-сентябрында Ысык-Көл облусунда Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын өткөрүүнүн жүрүшүндө болот.

 “Nomad Fest” фестивалынын байге фонду 100 миң сомду түзөт: 1-орунга 50 миң сом, 2-орунга 30 миң сом, 3-орунга 20 миң сом. Мындан сырткары, катышуучулар фестивалдын дипломдору жана сувенирдик буюмдар менен сыйланат.

Эскерте кетсек, экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ушул жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көлдө өтөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы