06.09.2016 18:30

ДКО жабылыш аземине кирүү билеттерин сатуу уланууда

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 8-сентяюбрда өтө турган жабылыш аземине кирүү билетерин сатуу уланууда.

ДКО жабылыш аземине кирүү билеттерин Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларындагы башкы почтамттардан, Бактуу-Долонотундагы ат майдандын чыгыш трибунасында жайгашкан түйүндөн, ошондой эле “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016” уюлдук колдонмосу аркылуу сатып алууга болот.

Билеттердин баасы трибунада тандаган орундуктарга жараша 300 сомдон башталып, 2000 сомго чейин болот.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине дүйнөгө таанымал Орусиядан, АКШдан, Түркиядан, Азербайжандан, Казакстандан, Франциядан ж.б. келген бийчилер, ырчылар жана топтор катышат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы