10.08.2016 16:07

ДКОго катыша турган Кыргызстандын курама командасынын расмий кийими аныкталды

Бишкекте 9-августта Кыргызстан курама командасынын II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарында кийе турган расмий кийиминин бет ачары болду.

КРнын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдагандай, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин спорттук-массалык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Канатбек Арпачиев, Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү дирекциясынын директору Алмазбек Касенов, “Чапан” студиясынын негиздөчүсү, дизайнер Жумагүл Сариева, КРдагы “Joma” компаниясынын менеджери Марат Баимбетов жана дизайнер Эльвира Султангазиева жүрүштүк жана спорттук кийимдин бет ачарын өткөрүштү.

Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү дирекциясынын жетекчиси билдиргендей, Көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн алкагында алгачкы жолу Кыргызстан курама командасынын, ошондой эле калыстардын жана машыктыруучулардын жүрүштүк кийиминин жасалгасын (дизайн) иштеп чыгууга тендер өткөрүлгөн.

“Көчмөндөр оюндарынын мааниси – бул бир гана спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүү эмес, өзүнүн маданиятын, жашоо-тиричилигин, кийим-кечесин көрсөтүү да болуп саналат. Биз Оюндарга катыша турчу башка өлкөлөрдөн жүрүшкө улуттук кийимин кийип чыгуусун талап кылып, өзүбүз биринчи Оюндарда спорттук кийим менен чыккан элек. Ошондуктан бул жолу улуттук кийимчен чыгууну чечтик”, - деп Алмазбек Касенов белгилеп кетти.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин өкүлү Канатбек Арпачиев азыркы күндө экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында кыргызстандын атынан 160 спортчу катышат экендигин айтты. “Ар бир спортчу үчүн Көчмөндөр Оюндары сыяктуу мындай жоопкерчиликтүү башталышта майда нерселер орун албайт. Оюндарда биздин команда абдан көрктүү көрүнүп, өзүн ыңгайсыз сезбей тургандыгы кубандырбай койбойт” – деди ал.

Жүрүштүк кийимдин дизайнын иштеп чыгууну “Чапан Студио” колго алган. Бул компаниянын жетекчиси Жумагүл Сариеванын айтымында, кыргыздардын салттуу чапанына өзгөчө басым жасалды. “Чапан кыргызды өмүр бою – балалыгынан карылыгына чейин коштоп келген кийим. Биз ага анча-мынча заманбап элементтерди коштук, жана алар муну менен концепцияга өтө ийгиликтүү негизде дал келди” – дейт Сариева. 

Жүрүштүк кийим Оюндарга тиешелүү өңдөрдүн гаммасында аткарылган (бирюза түсү, сары жана кочкул кызыл).

Спортчулар үчүн кийим (“Joma” спорттук маркасы) “Баракат трейд” ЖЧКсы тарабынан иштелип чыккан.

Спортчулар жана ыктыярчылар үчүн кийим комплекттери Кыргызстандын туусунун өңүнө ылайыктуу жасалды. Спортчулар үчүн кызыл, ыктыярчылардыкы сары.

Атайын бет ачарда Мырзабек Кочкоров, Анара Рыскулова – Кыргызстандын курама командасынын алыш күрөшү боюнча мүчөлөрү, Аида Керимбекова – Кыргызстан курама командасынын тогуз коргоол боюнча мүчөсү, Тариел Усенов – Кыргызстан курама командасынын кыргыз күрөшү боюнча мүчөсү, Тамерлан Богатырев – ыктыярчы, Орозкан Тойгонбаев – эр эңиш боюнча калыс жана Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча федерациясынын ардактуу президенти Абдусалим Чылымов кийимдерди кийип чыкты.

Белгилей кетсек, II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016-жылы 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт. Иш-чаранын программасына спорттун 23 түрү боюнча спорттук мелдештер, “Көчмөн ааламы” фестивалы жана Кырчын жайлоосунда, Чолпон-Атадагы ат майданында жана “Рух-Ордо” маданий борборунда өтө турган  маданий-массалык иш-чаралар камтылган.  

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы