05.08.2016 19:53

Дүйнөлүк көчмөн оюндарын чагылдырууга журналисттерди аккредитациялоо өнөктүгү 15-августка чейин узар

Ысык-Көлдө 3-8-сентябрда өтө турган II Дүйнөлүк көчмөн оюндарын чагылдыруу боюнча чет өлкөлүк жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн аккредитациялоо өнөктүгү улантылууда.

Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн көптөгөн өтүнүчтөрү боюнча аккредитациялоо өнөктүгү ушул жылдын 15-августуна чейин узартылды.

Бүгүнкү күнгө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы жана КР Тышкы иштер министрлигине 25 чет өлкөнүн ЖМКларынан 143 жана  жергиликтүү ЖМКлардан 137 арыз келип түштү.

Көчмөндөр оюндарын Азербайжан, Австралия, Беларусия, Улуу Британия, Германии, Израиль, Испания, Индия, Иран, Казахстан, Кытай, Канада, Малайзия, Нидерланды, Оруссия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнүстан, Турция, Франция, Эстония, Швеция, Япония жана башка мамлекеттердин  ЖМКлары чагылдырууну пландашууда.

Чет мамлекеттик ЖМКларды аккредитациялоону Тышкы иштер министрлиги, жергиликтүү ЖМКларды - Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы жүргүзүүдө. Аккредитациянын шарты менен ТИМ жана ДКО-2016 сайттарынан таанышууга болот.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 15-июлунан тартып Көчмөндөр оюндарын чагылдыруу боюнча ЖМКларды аккредитациялоо өнөктүгү жүрүп атат, ал 15-августка чейин улантылат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы