25.08.2016 10:51

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 53 мамлекеттин спортчулары катышат

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 53 мамлекеттин миңге жакын спортчу катышууну пландап жатат.

Оюндарга катыша тургандыгын расмий тастыктаган мамлекеттер: Азербайжан, Аргентина, Армения, Бангладеш, Белоруссия, Бенин, Ботсвана, Бразилия, Венгрия, Гватемала, Германия, Грузия, Замбия, Зимбабве, Израиль, Индия, Индонезия, Иран, Исландия, Италия, Казакстан, Канада, Кытай, Колумбия, Конго, Латвия, Литва, Мадагаскар, Молдавия, Монголия, Нидерланды, Пакистан, Польша, Орусия (Башкортостан, Карачай-Черкесия, Краснояр крайы, Свердлов облусу, Татарстан, Хакасия, Челябинск облусу), Свазиленд, Сербия, Словакия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Украина, Уругвай, Филиппины, Финляндия, Чехия, Швейцария, Шри-Ланка, Эстония, Түштүк Корея, Түштүк Африка Республикасы жана Жапония.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Ысык-Көлд өтөт. Мелдештердин программасы спорттун 23 түрүнөн турат. Анын катарында ат чабыш, ат жарыш, күрөш, улуттук оюндар, салттуу жаа атуу, салбуурун, игтеллектуалдык оюндар.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы