17.08.2016 12:03

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына билеттерди сатуу түйүндөрүнүн даректери

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы көчмөндөр оюндарынын ачылыш (3-сентябрь) жана жабылыш (8-сентябрь) аземине кирүү билеттери сатыла турган Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларындагы расмий түйүндөрүнүн даректерин маалымдайт.

Бишкекте билеттерди төмөнкү даректер боюнча жайгашкан байланыш бөлүмдөрүнөн алсаңыздар болот: № 1 – Киев көчөсү, 114; № 10 – Токтогул көчөсү, 247; № 20 – Совет көчөсү, 6; № 93 – Чүй проспектиси, 96.

Ош шаарында билеттерди Ленин көчөсү 320 дарегинде жайгашкан Башкы почтамттан, ал эми Чолпон-Ата шаарында Совет көчөсү 320 дарегиндеги почта бөлүмүнөн алууга болот.

Мындан сырткары, Көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземине келүүнү каалаган жарандар билеттерди “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016” уюлдук тиркемеси аркылуу алса болот.

Трибунадагы орундарга жараша билеттердин баасы: Оюндардын ачылыш аземине – 300дөн 3800 сомго чейин, жабалыш аземинде – 300дөн 2000 сомго чейин болот.

Расмий сатуу түйүндөрүндө билеттер сатып алуучуну күбөлөндүргөн документтер көрсөтүлгөндө гана сатылат. Сатуучу-оператор жеке маалыматтарды алгандан кийин маалыматтар базасына киргизет жана атйын жабдуу менен жаранды сүрөткө тартат. Андан соң QR коду бар билетти берет, ал коддо билет сатып алган жарандын жеке маалыматтары (аты-жөнү, сүрөт, паспорттук реквизиттер ж.б.) болот.

Уюлдук тиркеме аркылуу билетти сатып алууда атайын графаларга өзүнүн жеке маалыматтарын толтуруп жана өзүн сүрөткө тартып, трибунада бош болгон орунду тандаган соң керектүү акча каражатты төлөшү керек. Жогорудагы баскычтарды өткөндөн кийин программа расмий билет болуп санала турган QR-кодду көрсөтөт.

Сатылып алынган билет сөзсүз түрдө жеке мүнөздүү болот. Буга байланыштуу сатылып алынган билет башка бирөөгө берилсе, ал жараксыз деп табылат жана акчасы кайтарылбайт.

Билетти Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземине гана алуу керек. Оюндардын алкагында ат майданында (4-7-сентябрь) жана Кырчын жайлоосунда өтө турган спорттук жана маданий-массалык иш-чараларга кирүү акысыз болот.

Уюлдук тиркеме менен иштөө боюнча техникалык жардамды төмөнкү телефондор аркылуу алууга болот: 0557 711415, 0555 313100, 0312 881949.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы