25.08.2016 18:57

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маалында Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөө киргизилет

3-сентябрдан тартып 8-сентябрга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маалында «Балыкчы - Ананьево – Каракол» жолунда жүк унаалардын жүрүшүнө чектөө салынат.

Мындай убактылуу чектөө оор жүк ташычуу, жүк ташычуу, автобус, кичиавтобус, коркунучтуу жүк ташычуу унаалары жана айыл-чарба техникалары үчүн киргизилет.

Жергиликтүү калкты киргизилип жаткан чектөөлөргө түшүнүү менен карап, ал эми айдоочуларга күнгөй маршруту, «Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол» унаа жол каттамы аркылуу сапарга чыгууну сунуш кылабыз.

Эскерте кетсек, Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Ысык-Көлд өтөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы