03.09.2016 23:30

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи болду

Бүгүн, 3-сентябрда, Чолпон-Ата шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи болду.

Оюндардын ачылыш аземинде көрүүчүлөрдүн назарына мыкты деңгээлде уюштурулган шоу коюлуп, анда чабандестердин көргөзмө оюндары, элдин купулуна толгон концерт жана 1000 комузчунун өнөрү тартууланды. 

Аземдин алгачкы 40 секунду жарык  жана лазердик шоу менен коштолуп, узундугу 200 метр, бийиктиги 40 метр болгон экрандарда 3D анимация коюлду.  Бул учурда 5 түстүү трансформер көйнөк кийген 500 кишилик топ катарга шурудай тизилип, көйнөгүнүн өңү менен кубулжута ойной шырдактардын бетине көркөмдөлө түшүрүлүп келген кыргыз оймолорун чогултту.

Андан соң жарык берүүчү проектор топтун ак көйнөктөрүнө бурулганда, меймандардын көз алдына Кыргыз Республикасынын желеги чыга келди.

Кийинки мөөнөттөрдө “Ак Марал” тобунун улуттук кийимчен 30 чебер бийчилеринин аткаруусундагы “Кыргыз оймосунун бийи” коюлуп,  сахнанын жандуулугун улай экрандардагы чуркап жаткан аттар, Ала-Тоонун асман тиреген тоолору оймолорго айлана түштү. Булуттар биригип, кыргыздын оймолоруна чачырап жатты. Экрандагы жарык аянтчага карай созулуп, оймолор шырдак болуп чогулуп, мындагы кыймылдардын негизинде кыргыз элинин шырдагы шырылды.

Үчүнчү бөлүктө “Жети муун” көрүүчүлөрдү кыргыз элинин салт-санаасынын тарыхына чөмүлттү.

Заманбап технологиялардын жардамы менен кыргыздын санжырасы 4D форматында чагылдырылды. Кыргыз элинин уруу башчысы – Ууз атадан тарта сахна коюлду. Өзүнүн тууган-уруктарынын 7 муунун билүү 128 тууганыңды билүү деп айтылат. 

Сахнанын кийинки бөлүгүндө  Соломон падышасы чыкты, бул эпизоддун мааниси – кыргыз жергеси өзүнүн бир гана кайталангыс жаратылышы менен эмес рухий баалуулугу менен да өзгөчө мааниге ээ.  Анткени, кыргыз жери даанышмандыкка жана тарыхка аты сиңген инсандарга бай.

“Заратустра”, “Жаңгак”, “Көкөтөйдүн ашы”, “Караханид каганаты, Жусуп Баласагын”, “Караханид каганаты. Махмуд аль Кашгари”, “Коргошундан жасалган комуз”, “Жүз жигит куу”, “Тагай бий”, “Кыргызстан – 16-кылымдын тарыхы бүгүнкү күндө ” – көрүүчүлөрдү кыргыз тарыхынын ар кайсы дооруна алып барган  өңдөндү.

Салтанаттуу аземди Оюндарга катыша турган мамлекеттердин парады улады. Алар: Азербайжан, Аргентина, Армения, Афганистан, Бангладеш, Белоруссия, Бенин (Батыш Африка), Ботсвана (Түштүк Африка), Бразилия, Венгрия, Гватемала, Германия, Грузия, Замбия, Зимбабве, Израиль, Индия, Индонезия, Иран, Исландия, Италия, Казахстан, Кытай, Колумбия, Латвия, Мадагаскар, Молдавия, Монголия, Нидерланды, Бириккен Араб Эмираттары, Пакистан, Польша, Орусия Федерациясы (Башкортостан, Карачаево-Черкессия, Красноярск крайы, Алтай Республикасы, Свердлов облусу, Татарстан, Челябинск облусу, Якутия), Свазиленд Королдугу (Тұштүк Африка), Сербия, Словакия, АКШ, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, Украина, Уругвай, Филиппин, Чезия, Швейцария жана Кыргызстан.

Кыргызстандын курама командасынын башында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын демилгечиси, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев да болду.

Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө келген меймандарга жана иш-чаранын катышуучуларына жылуу саламын жолдоп, экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дагы бир ирет кыргыз жергесинде өтүп жатканына абдан сыймыктанып тургандыгын билдирип өттү.

Мамлекет башчысынын сахнадагы кайрылуусунун тексти:

Эскерте кетсек, экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга 62 өлкөнүн спорттук делегациялары келди.

Иш-чараны МИР24, МирHD, Матч ТВ, ТRТ, ТRТ Avaz, ТRТ Sport, Казспорт телеканалдары, Түркмөнстандын, Азербайжандын ж.б. телеканалдары, жергиликтүү телеканалдардан КТРК, КТРК Спорт, КТР Маданият, ЭлТР, 5 канал, Пирамида, НТС, ошондой эле облустук телеканалдар түз эфир аркылуу көргөздү.

Мындан сырткары “Euronews” телеканалы  көрүүчүлөрүнө Ысык-Көлдүн жээгинде уюштурулган иш-чараларды тартуулмакчы. Жалпысынан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине 800 миллион киши күбө болду.

Иш-чараларды экранга чагылдыруу максатында масс-медианын (чет элдик, республикалык, аймактык  телеканалдар, радиолор, гезиттер, журналдар жана интернет порталдар, ошондой эле блогерлер) 500 өкүлү келди. Алардын ичинен 280и 35 мамлекеттен келген чет элдик ММК, калган бөлүгү – жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы