16.08.2016 11:08

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кирүү билеттери сатыла башталды

2016-жылдын 3-8-сентябрында өтө турган Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземине кирүү билеттери сатыла башталды.

Билеттерди Бишкек жана Ош шаарларында расмий сатуу түйүндөрүндө, ошондой эле “Всемирные Игры Кочевников 2016” атайын уюлдук тиркеме аркылуу сатып алса болот.

Трибунадагы орундарга жараша билеттердин баасы: Оюндардын ачылыш аземинде – 300дөн 3800 сомго чейин, жабылыш аземинде – 300дөн 2000 сомго чейин болот. 

Расмий сатуу түйүндөрүндө билеттер сатуу сатып алуучуну күбөлөндүргөн документтер көрсөтүлгөндө гана сатылат. Сатуучу-оператор жеке маалыматтарды алгандан кийин маалыматтар базасына киргизет жана атайын жабдуу менен жаранды сүрөткө тартат. Андан соң QR-коду бар билетти берет, ал коддо билет сатып алган жарандын жеке маалыматтары (аты-жөнү, сүрөт, паспорттук реквизиттер ж.б.) болот.

Уюлдук тиркеме аркылуу билетти сатып алууда атайын графаларга өзүнүн жеке маалыматтарын толтуруп жана өзүн сүрөткө тартып, трибунада бош болгон орунду тандаган соң керектүү акча каражатты төлөшү керек. Жогорудагы баскычтарды өткөндөн кийин программа QR-кодду берет, ал расмий билет болуп саналат.

Сатылып алынган билет сөзсүз түрдө жеке мүнөздүү болот. Буга байланыштуу сатылып алынган билет башка бирөөгө берилсе, ал жараксыз деп табылат жана акчасы кайтарылбайт. 

Билеттерди Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземине алуу керек. Оюндардын алкагында ат майданында (4-7-сентябрь) жана Кырчын жайлоосунда өтө турган спорттук жана маданий-массалык иш-чараларга кирүү акысыз болот.

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы