08.08.2018 13:16

Эр эӊиш боюнчакурама команда III ДКОго даярданшат

2018-жылдын 20-августунан 31-августуна чейин Чолпон-Ата шаарында  (Ысык-Көл областынын) эр эңиш боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдануу максатында төмөнкү курамда машыгуу өткөрөт:

1. Жекшен Турдубеков, 1986 - ж/т, КМС

2. Айдарбек уулу Балбай, 1989 -ж/т,I разряд

3. Бузурманкул уулу Калыбек, 1993- ж/т, МС

4. Абдразак уулу Жаныш, 1995 - ж/т,  I разряд

5. Бердибек уулу Ислам. 1991 – ж/т, КМС

6. Омур уулу Минур, 1995 – ж/т, I разряд

7. Конокбай Баркыжоков, 1984-ж/т, КМС

8. Марат Алтымышев, 1979 – ж/т, МсС

9. Кумуш Кыдыралиев, 1981 – ж/т, МС

10. Нуркан Осмоналиев, 1989 –ж/т, МС

11. Адылбек Кукеев – машыктыруучу

12. Нияз Курманкулов – ага машыктыруучу

13. Жалил Абдыкалыков – доктур.

Курама команданы машыгуудан өткөрүүгө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча Дирекциянын бюджетинен 241 000 сом каралган.

Эр эңиш – чабандестердин улуттук кыргыз күрөшү. Мындай тартиптин келип чыгуусу согуштук зарылчылыктардан келип чыккан. Эр эӊиште жеӊиштин ачкычы булчабандестин күчтүүлүгү, чеберчилиги жана анын минген аты болуп эсептелет. Эр эӊиш үчүн ат чабандеске түз баш ийген,салмактуу, күчтүү, жоош жана чыдамдуу болуш керек.

Азыркы учурда эр эңиш боюнча мелдеш түз тегерек аянтчада өтүүдө. Кармашта эки балбан кармашат, алар белине чейин жылаңач, белинде “кушак” жоолуктан кур, калың материалдан шым, өтүк, колунда камчы болуш керек. Кармаштын башталышында балбандар ат үстүндө калыстын командасы боюнча айлампанын борборуна келишет. Команда берилген соң кармаш башталат. Жеңишке жетиш үчүн балбан каршылашын аттан алып түшүш керек, жок дегенде анын денесин жерге тийгизүү керек.

Эр эӊиш боюнча мелдеш III ДКОнун жобосуна ылайык эркектер арасында беш салмак категориясында өтөт: 60 килограммга чейин, 70 килограммга чейин, 80 килограммга чейин, 90 килограммга чейин жана 90 килограммданжогору.