04.09.2018 16:59

Франциянын Көк бөрү боюнча курама командасы биринчи дебюттук оюнун Башкыртстан менен ойноду

Бүгүн, 4-сентябрда, Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында Көк бөрү боюнча экинчи күнкү топтук беттешүүлөр өтүп жатат.  D тобунда Франциянын Көк бөрү боюнча курама командасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында спорттун ушул түрү боюнча биринчи жолу катышып жатат. Башкыртстан (РФ) менен Өзбекстандын курама командалары француздардын атаандаштары болуп саналышат. Бүгүнкү дебюттук оюнунда француздар Башкыртстанга каршы турушту. Башкырлар 2:0 эсебинде жеңишти илип кетишти. 

Көк бөрү биринчилигине 12 команда катышат, алар чүчү кулак кармоонун натыйжасында 4 топко бөлүнүшкөн:

А тобу

Кыргызстан

Алтай (РФ)   

Монголия

В тобу

Москва (РФ)

Кытай

Афганстан

С тобу

Казакстан

АКШ

Красноярск (РФ)

D тобу

Башкыртстан

Франция

Өзбекстан