26.07.2018 16:59

III ДКО: Спорттун 37 түрү боюнча жалпы байге фонду 26 млн. сомдон ашыгыраакты түзөт

Улуттук спорттун түрү боюнча Дирекция  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жалпы байге фондун 26 615 000 сом суммасында бекитти.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун программасына спорттун 37 түрү киргизилди:

Ат чабыш, ат үстүндө мелдештер, улуттук күрөштүн түрлөрү боюнча мелдеш, күрөштүн түрлөрү боюнча мелдеш, салттуу интеллектуалдык оюндар, салттуу жаадан ок атуу, улуттук аңчылык түрлөрү боюнча мелдеш “Салбуурун”.

Көк-бөрү боюнча мелдештин байге фонду 6 млн. сомду түзөт:

-биринчи орун үчүн 3 000 000 сом;

-экинчи орун үчүн 1 500 000 сом;

-үчүнчү орун үчүн 1 000 000 сом;

-төртүнчү орун үчүн 500 000 сом.

Мындан тышкары, мелдештин жүрүшүндө “Көк-бөрү боюнча Улуу оюнчу” аныкталат, ал 100 миң сом байге алат жана “Көк-бөрүнүн Улуу аты” 100 миң сом акчалай байге алат.

Күрөштүн түрлөрү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү (биринчи орун үчүн) 70000 сом, (экинчи орун үчүн) 35 000 сом берилет жана (үчүнчү орун үчүн) 17 500 сомдон эки адамга берилет. “Көчмөндөрдүн улуу күрөшү” мелдешинде жеңүүчү 1 мил. сом байге алат.

Азыркы учурда 44 өлкөдөн спортчулар Оюндарга катыша тургандыктарын тастыкташты. Жалпы 594 медаль (174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло медалдар) ойнотулат.

Спорттун түрлөрү боюнча байге фондунун бөлүнүштөрүн бул жактан көрө аласыздар.