27.07.2018 16:32

III ДКО ачылыш алдында КМШга мүчө мамлекеттердин телерадио уюмдарынын жетекчилерин Кеңеши болот

Ушул жылдын 1-сентябрында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш алдында Ысык-Көлдүн жээгинде КМШга мүчө мамлекеттердин коомдук жана мамлекеттик телерадио уюмдарынын жетекчилерин Кеңеши өтөт.  Бул тууралуу Коомдук телерадио корпорациясынын генералдык директору Илим Карыпбеков билдирди.
    “Мурунку болуп өткөн Кеңеште отурумунда биз кийинки Кеңешти отурумун Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштаганбыз. Кеңештин өтө турган күнүн ушул жылдын 1-сентябры деп  жөн эле тандалган жок. Кеңештин отурумунун кийин делегаттар III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылуу аземине катыша алышат. Белгилей кетчү жагдай КМШнын мамлекеттик жана коомдук телерадио уюмдарынын жетекчилери өзүлөрүнүн операторлору, корреспонденттери менен келишет жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу материалдарды даярдашат. Буга ылайык телекөрүүчүлөрдүн аудиториясы да көбөйөт, муну менен эң мыкты көрүнүшкө күбөө болушат” – деп билдирди.
   КТРКнын гендиректору боло турган отурумдун күн тартибине токтолуп, бул Кеңештин алкагында анын катышуучулары улуттук телерадио компанияларынын документалдык продукцияларын бирге түзүү, телеканалдар түйүнүнө кирүү мүмкүндүгү тууралуу бир катар актуалдуу маселелер каралаарын билдирди.
    “Биз Шериктештиктин маалымат чагылдыруу ишмердигин активдештирүү үчүн кабыл алынган чаралардын жыйынтыгын чыгарабыз, бир катар телекомпаниялар санарип форматына кантип өтүп жаткандыктары тууралуу сүйлөшөбүз, тажыйырба алмашабыз жана КМШ өлкөлөрү үчүн маанилүү иш-чараларды жана окуяларды чагылдыруу боюнча ойлорубуз менен бөлүшөбүз” – деп баса белгиледи КТРКнын башчысы.
    Эскерте кетсек, КМШга мүчө мамлекеттеринин мамлекеттик жана коомдук телерадио уюмдарынын жетекчилеринин Кеңеши 2007-жылдын 25-майында түзүлгөн. Кеңештин ишине Азербайджан Республикасынын, Республика Армениянын, Республика Беларусянын, Республика Казахстандын, Кыргыз Республикасынын, Российской Федерациясынын жана Республика  Таджикистандын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышышат.