05.07.2018 20:07

III ДКО боюнча “Медиа жана PR” жумушчу тобу ДКО тууралуу контенттин өндүрүштүк Планын бекитишти

              

Ысык-Көл районунда  2-июлдан 5-июлга чейин  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюунуна даярдык маселелери боюнча “Медиа жана PR” жумушчу тобунун кеңейтилген көчмө жыйыны болуп өттү.  Иш-чарага III Дүйнөлүк көчмөндөр оюуну боюнча “Медиа жана PR” жумушчу тобунун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова жана бир катар министрлик жана ведомстволордун басма сөз катчылары, басма сөз кызматынын жетекчилери, Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин кызматкерлери жана областык телерадиокомпанияларынын жетекчилери, ошондой эле Көчмөндөр оюунунун катчылыгы жана ММКнын өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин негизги максаты уюштуруу маселелерин деталдуу талкуулоо, чет элдик жана жергиликтүү ММКнын өкүлдөрү менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү максатында июль жана август айларына карата контенттин өндүрүштүк планын жана Медиа жана PR багыты боюнча милдеттер планын бекитүү болду.

Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн арасынан төмөнкү актуалдуу багыттар боюнча жоопту адамдар аныкталды, атап айтканда жергиликтүү жана чет элдик массалык маалымат каражаттарын аккредитациялоо жана алар менен өз ара аракетешүү,  аккредитациядан өткөн ММКнын өкүлдөрүнүн келүүсүн камсыз кылуу жана аларга ДКОнун иш-чараларына, ДКО тууралуу өндүрүштүк контенттке кирүүсүн камсыз кылуу, дене тарбия – ден-соолукту чыңдоо борборунда жана “Кырчын” капчыгайында пресс борборлорду уюштуруу өңдүү.  

 

А.Темирбекова өз сөзүндө бул кеңешме III Дүйнөлүк көчмөндөр оюунун өткөрүү мезгилинде ММКнын ишиндеги катачылыктарды жана кемчиликтерди болтурбоо максатында дайыма жүргүзүлөрүн айты. “Бул боло турган Көчмөндөр оюунуна көп чет элдик жана жекргилүктүү журналистердин келүүсү күтүлүүдө, ошондуктан  аларга иш процесси үчүн жагымдуу шарт түзүп берүү максатында биз бир катар даярдык иш-чараларын жүргүзүүдөбүз, алардын катарында жумушчу топтун регулардуу кеңешмелери. Өткөрүлгөн кеңешменин жүрүшүндө бизге боло турган иш-чарага даярдануунун баардык деталдарын талкууоого мүмкүн болууда, мисалы бир нерсени кошуу же оңдоо өңдүү.  Жалпысынан иш-чара жогорку деңгээлде өтүүсү үчүн тынымсыз жана тыгыз иштешибиз керектигин белгиледи.”