10.07.2018 08:32

III ДКО катталган журналисттер тиешелүү шарттар менен камсыздалат

“III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына каттоодон өткөн журналисттердин жумуш ыргагында ийгиликтүү иштөөсү үчүн тиешелүү шарттар менен камсыздалат,” – деди маданият, маалымат жана туризм министрлигинин орун басары Айнура Темирбекова ЖМК өкүлдөрүнүн, маалымат катчылардын “Медиа и РR” жумушчу тобунун катышуусунда өткөн жумушчу жыйынында.

Айнура Темирбекованын айтымында, бул жолку III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы журналисттердин иштөөсүнө өзгөчө көңүл бурулат.

                        

“2016-жылы II ДКОго 35 өлкөдөн чет элдик Жалпыга маалымдоо каражаттарынын 322 өкүлүн кабыл алсак, бул жылдагы максатыбыз – дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн 500 журналистти кабыл алуу. Учурда чет элдик медиа өкүлдөрүн каттоодон өткөрүү Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жүргүзүлүүдө. 9-июлга карата 21 өлкөдөн 50дөй журналист катталды. Бул жылы 86 чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарына чакыруу жөнөтүлдү”, - деп белгиледи ал.

Мындан сырткары, чет элдик ЖМКлар менен натыйжалуу иштөө максатында маалымат-катчылардын штабы түзүлгөндүгүн Айнура Темирбекова баса белгиледи. “Ар бир чакырылган чет элдик журналисттер тобуна өзүнчө маалымат-катчысы бекитилди. Тил билген маалымат-катчылар топторго бөлүндү”, - деди маданият, маалымат жана туризм министрлигинин орун басары.

                        

 Айнура Темирбекова маалымдагандай, жергиликтүү журналисттерди каттоо 26-июлда аяктайт. Анын айтымында, оюндар башталганга чейин уюштуруу иштери, анын ичинде бейдж, өткөрмө кагаз сыяктуу маселелерди чечүүгө тиешелүү тендерлер да өтүшү керек. “Катталган журналисттердин чыгымын өзүбүз көтөрбүз. Буга  жайгаштыруу, тамак-ашы, жашоо чыгымдары да кирет. Каттоо төмөнкүчө жүргүзүлөт: телеканалдарга – 3 журналист, маалымат агенттиктерине – 2 журналист (кабарчы, фотограф ), гезиттерге – журналист (кабарчы, фотограф)”, - деди Айнура Темирбекова. Ошондой эле мурунку оюндардагы тажрыйбаны эске алганда,  Көчмөндөр оюндарына келген чет элдик жана жергиликтүү журналисттер бирге жайгаштырылат.

“2016-жылкы оюндарда  чет элдик медиа өкүлдөрү  өзүнчө жайгаштырылган. Жыйынтыгында, чет элдик корреспонденттер маалыматтарды, эксперттерди өздөрү табуу кыйынчылыктарына туш келген. Бул жолу натыйжалуу коммуникация жана биримдикте аракет кылуу үчүн бирге бардык журналисттер бир жерге жайгаштырылат. Жергиликтүү маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чет элдик журналисттерге жардам берүү гана эмес, чет элдик кесиптештери менен кесипкөй чөйрөдө иш тажрыйбаларын кеңири бөлүшө алышат”, - деп жыйынтыктады Айнура Темирбекова.