23.08.2018 17:20

III ДКОнун ачылыш жана жабылыш аземдерине конокторду акысыз шаттл-бастар камсыздайт

Чолпон-Ата шаарында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдөгү ачылыш жана жабылыш аземдерине коноктор үчүн автобус шаттл-бастары каралды. Алар ат майдандын аймагына жүргүнчүлөрдү жеткиришет.

Автобус шаттл-бастар жөнөөчү түйүндөр:

    - Чолпон-Ата шаарындагы эски аэродромдун батыш тарабынан (дареги: https://goo.gl/maps/iTMweyxApct);

 - Бактуу-Долоноту айылындагы №54 жылкы заводунун тоют цехи, ат майдандын чыгыш тарабынан (дареги: https://goo.gl/maps/ugPiX13i35N2).

Белгилей кетсек, жеке унаалары менен барган коноктор үчүн акы төлөнүүчү (30 сомдон) унаа токтотуучу жай каралган.  

Шатлл-бас (автобустар) 2-сентябрда саат 13.00дөн  23.00гө жана 8 сентябрда саат 15.00дөн 23:00гө чейин иштешет.

Мындан сырткары, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш, жабылыш аземдеринде ат майдандын аймагына жеке автоунаасы менен кирүүгө чектөө киргизилет. Автобус шаттл-бастар 2 - 8-сентябрларда – 15.00дөн 23.00гө чейин жүрөт.

Мындан сырткары, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш, жабылыш аземдерин өткөрүүдө Чолпон-Ата шаарындагы негизги жол эки жерден жабылат:

- “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийине кайрылыштан 100 метр бери (батышынан). Дареги: https://goo.gl/maps/YD2ssb8qkDD2;

-Бактуу-Долоноту айылындагы мечиттен (чыгышынан)

Дареги: https://goo.gl/maps/XkUw1GXrJnn.

Ошондой эле батыш тараптагы посттон шаттл-бастар (2 даана) конокторду ат майдандын аймагына акысыз жеткиришет.

Эске салсак, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш, жабылыш аземдерин өткөрүүдө Ысык-Көл районунда Балыкчы – Корумду жолундагы унаалардын кыймылы чектелет. Каракол шаарына жүк ташыган унаалар Ысык-Көлдүн түштүк жээги аркылуу жүрүүгө Балыкчы шаарынан багытталат.

Чолпон-Ата шаарын кесип өтүүчү жеңил унаалардын кыймылы өзгөрүп, шаар ичиндеги алтернативдик жол аркылуу өтүшөт (https://goo.gl/maps/atfoQNQeZVS2 ).