25.08.2018 16:42

III ДКОнун алкагында “Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы” эл аралык фестивалы өтөт

 “Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы”  фестивалы 2-сентябрдан 6-сентябрга чейин Кырчын жайлоосунда өтөт.

Фестивалдын максаты - көптөгөн коноктор үчүн көчмөн элдеринин ар түрдүү тамак-аштарын көрсөтүү, аларды биздин ата бабаларыбыздын жашоо аспекттери менен тааныштыруу, көчмөндөр маданиятын кабыл алуу чегин кеңейтүү, алардын жашоосундагы даамды түшүнүү жана таасирленүү.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бардык коноктору ашпозчулардын чыныгы таймашын көрө алышат жана жогорку ашкананын даамын тата алышат. Фестивалга катышууга 10 өлкөдөн ашпозчулар чакырылган, булар: Азербайджандан, Казахстандан, Кыргызстандан, Монголиядан, Россиядан, Румыниядан, Сауд Арабиядан, Түркиядан, Өзбекстандан, Түштүк Кореадан. Булардын бардыгы фестивалга катыша тургандыктарын билдиришти.  

Ар бир өлкөдөн эң аз дегенде үчтөн катышуучу көрсөтүлөт: кесиптик ассоциациясынын өкүлү, чебер ашпозчу жана кенже – ашпозчу. Кыргызстандын атынан фестивалга Бишкектин бир катар белгилүү ресторандарынын ашпозчулары катышышат.

Фестивал ар кайсыл номинацияда конкурс өткөрүүнү камтыйт.  Кенжелер арасында “Кызыл эттен этнотамак” жана кара куту “кенжелер арасында Таш-мангал”,  кесиптик-техникалык билим берүү чеберлеринин арасында “Кызыл эттен этнотамак”, профессионалдар арасында “Кой этинен этнотамак”, “Форелден этнотамак”, “Бөдөнөдөн этнотамак”, “Жылкы этинен этнотамак” жана “Адискөйлөр арасында Таш-Кордо”. 

Ар бир тамак өлкөнүн уникалдуу салттуу ыкмада даярдалышы керек, жана ошол эле убакта өзүндө заманбап кулинардык чеберчилик менен айкалыштырылышы керек. Даярдалуучу тамак ачык отто даярдалат – таш-мангалда.

Даярдалган тамактар Дүйнөлүк кулинардык ассоциация коому стандарттар боюнча 10 өлкөнүн ашпозчулар ассоциацясынын өкүлдөрүнөн жана президенттеринен турган калыстар тарабынан бааланат. Бул стандарттар тамактын сапатын баалоону гана эмес аларды тартууну, даярдоо ыкмаларын жана атрибуттарды пайдаланууну да камтыйт.

Фестивалдын атайын коногу Дүйнөлүк кулинардык ассоциация коомунун президенти - Томас Андреас Гуглер болот. Ал азыркы заманбап ашканага эски улуттук ыкманы пайдаланууну киргизген бирден бир адам катары белгилүү. Аны дүйнө жүзүндө абдан белгилүү ашпозчу катары эсептешет. Өз жашоосунда бул адам факт жүзүндө бардык континентте иштеген жана дүйнөнүн 90дон ашык өлкөлөрүндө болгон.  

Конкурстук программадан тышкары, “Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы” фестивалы ар түрдүү оюндарды жана конкурстарды өткөрүүнү, ар түрдүү тамак-аштарды даярдоо боюнча мастер-класстарды камтыйт.