15.12.2017 18:05

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылдын сентябрь айында Кыргызстанда өтөт

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылдын сентябрь айында Кыргызстанда өтөт.
  2017-жылдын 15-декабрында болуп өткөн салтанаттуу иш-чарада Өкмөт башчы Сапар Исаков Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылдын сентябрь айында өтөрүн жана даярдыктарды баштоо керек экенин айтты.
Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары –бул этноспорттук оюндарды, этномаданий фестивалдарды, сынактарды, илимий конференцияларды жана тегерек столдорду камтыган чоӊ аянт.

Үчилтиктин багыттары жана принциптери аныкталды:

Этноспорт, этномаданият, илим жана этнобилим берүү.

                    Оюндардын негизги максаты-ар бир элдин, этностун ар кырдуу маданиятын, тарыхий мурасын сактоо жана кайра жаратуу.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын төмөнкү бөлүктөрү белгилүү болду:
Тынчтык орнотуучу- дүйнө элдеринин, этносторунун маданий эл аралык достугун,кызматташтыгын бекемдөө.
Катышуучу-ар бир көчмөн  адамга , ар бир Кыргызстандыкка Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын катышуучусу болууга мүмкүндүк берүү.
Байыркы-өзүнүн тарыхы менен белгилүү болгон байыркы оюндар. 
Аутентикалык( чыныгы)-табийгатынан чыныгы оюндар, өзүнүн алгачкы абалын сактап, өзгөрүүгө учурабаган оюндар.
Таң калтыруучу-эл аралык долбоорлордон, дүйнөлүк спорттук брендтерден өзүнүн масштабдуулугу менен таң калтыруучу оюндар.
Бириктирүүчү-элдерди жана этносторду бириктирүүчү багыттар.

                   
   III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында, “Кырчын” жайлоосунда эӊ чоӊ этно айыл курулат жана ал жерде  оюн-зооктор, таймаштар уюштурулуп, элдердин маданияты, каада-салттары көрсөтүлөт.
2018-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
-37 оюндун түрүнөн турган этноспорттук таймаштар
-“этнохит”, “этнофольклор”, “этномода”, “этнобий”, “этноүй”, “этноискусство (сүрөт,скульптура)” аттуу фестиваль жана сынактар. 
-Алтай көчмөндөрүнө арналган илимий конференциялар болуп өтөт.

                   

2018-жылдагы көчмөндөр оюндарындагы дагы бир өзгөчөлүк болуп “Улуу жеӊүүчүлөрдүн китеби” саналат. Анда: Улуу балбан, улуу көчмөн, улуу баатыр, улуу жаачы, улуу жаачы айым жана дагы улуу көк бөрү оюнчусу жазылат.
Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жаӊыланган эн белгиси (айдентика) күн формасында. Дүйнөлүк көчмөн элдердин жашоосун чагылдырат.

“Күч биримдиги, Рух биримдиги!”