24.08.2018 11:05

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 500дөн ашуун ыктярчылар тартылган

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 500дөн ашуун ыктярчылар иш алып барышат.

Белгилей кетчү жагдай ыктярчыларды тандоо үч этапта болду, Кыргызстандын 24 жогорку окуу жайларынан катталган 3400 ыктярчыдан 550 ыктярчы тандалып алынды. Алардын ичинен дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн 30 эл аралык ыктярчылар, ошондой эле Кыргызстандын бардык региондорунан 80 өкүл.

Бүгүнкү күндө ыктярчылар ДКОнун салтанатту ачылыш жана жабылыш аземдери, спорттук, маданий иш-чаралар, массалык маалымат каражаттары менен иштөө өңдү тогуз топко бөлүнгөн.

Ыктярчылар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары алкагында өтүүчү иш-чаралардын шарттары менен тааныштырылган, бул алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, протокол жүргүзүү, коопсуздук ж.б.