09.07.2018 18:04

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун билеттери сатууга түштү

                      

III Дүйнөлүк көчмөндөр  оюнунун (ДКО) салтанаттуу  ачылышынын жана жабылыш аземинин билеттери сатууга түштү. Бул тууралуу «Медиа жана PR» жумушчу тобунун Кыргызстандын  ЖМК нын өкүлдөрү менен өткөн чогулушунун жүрүшүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун Катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова билдирди.

  Айжан  Абдесованын  билдирүүсү боюнча III Дүйнөлүк көчмөндөр  оюнунун билеттерин Бишкек шаарынын ( Чүй көч. 96. Киев көч.114), Ош шаарынын (Ленин көч.320) жана Чолпон-Ата(Советская көч.122)  шаарындагы Кыргыз почтасынын бөлүмдөрүнөн сатып алса болот. Ошондой эле билеттерди Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун расмий тиркемеси аркылуу алууга болот. “ Тиркемени  Android и IOS платформалары аркылуу да алууга оңой. Кирүү билеттери ар бир адамга өзүнө гана таандык QR-коду менен айрыкча тактыкта басылган. Билеттерде жеке жактардын жеке  белгилери шифр менен жазылган. Анда жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, сүрөтү, паспорттук реквизиттери жана башка белгилер бар. Билетти башка жактарга берүү жана басылган QR-кодду бузууга катуу тыюу салынат. Жогорудагы көрсөтүлгөн  эрежелерди сактабоо чыгымын ордуна келтирбестен билетти жокко чыгарууга алып келет”, - деп баса белгиледи А.Абдесова.

Билеттердин баасы боюнча айтып жатып, Абдесова, ачылыш аземинин  салтанатына кирүү билеттери 400 сомдон 4 900 сомго чейин, ал эми жабылыш  аземиники 350 сомдон 3800 сомго чейин болоорун билдире кетти.

Эскерте кетчү нерсе, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи  2018-жылдын 2-сентябрында саат 20:00дө. Жабылыш аземи 2018-жылдын 8-сентябрында  саат 20:00дө.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун калган иш-чараларына  кирүү акысыз.