25.07.2016 18:00

Ирандык спортчулар Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катышат

КР ТИМ басма сөз кызматы билдиргендей, ирандык спортчулар экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катышат.

Жакында өткөрүлө турган Кыргызстандын “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары-2016” деп аталган долбоорун алдыга чыгаруунун алкагында 11-июль күнү Тегеранда Кыргызстандын Ирандагы элчиси Асанбек Осмоналиев менен Ирандын Спорттун салттуу түрлөрү жана улуттук оюндар федерациясынын президенти Голямреза Джаффаринин жолугушуусу болду.

Маек учурунда, Оюндарга карата даярдыктар күч алып жаткандыгы айтылып, ага спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүгө басым жасалып келген Иран сыяктуу достук мамиледеги өлкөлөрдүн катышуусу менен Оюндар эл аралык деңгээлдеги татыктуу имиджге ээ болуп, мамлекеттердин арасындагы спорт жана жаштар саясаты жаатындагы мамилени  өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

ИИР Этноспорт федерациясынын президенти Г. Джаффари Ирандын расмий өкүлдөрү жана спортчулары экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катышууга даяр экендигин билдирди жана Оюндарды экранга чагылдырууга Ирандын ММКсын тартуу боюнча колдоо көрсөтүлөрүн убада кылды.

Ошондой эле, тараптар спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүгө басым жасаган тиешелүү түзүлүштөрдүн арасындагы өз ара карым-катнаш тууралуу маселелерге кененирээк токтолду.  Ирандык тарап Кыргызстандын спорттук федерациялары жана ассоциациялары менен мамиле түзүүгө жана кызматташтыктын нормативдик жана келишимдик  базасын жакшыртууга өзгөчө кызыкдар экендигин билдирди.

Алынган булак: Кабар