07.09.2016 18:35

“Көчмөндөр ааламы” фольклордук фестивалындагы конкурстардын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 7-сентябрда Кырчын жайлоосунда ДКО алкагында өткөн “Кыргыз айылы” аталышындагы боз үйлөр шаарчасынын расмий жабылыш аземи болду.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гульмира Кудайбердиева, Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, жергиликтүү жана чет элдик массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, чет элдик делегациялардын өкүлдөрү, ошондой эле меймандар бул иш-чарага катышты.

Иш-чаранын аягында “Кыргыз айылы” этношаарчасынын катышуучуларын – жети облустун, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын өкүлдөрүн сыйлоо аземи болду.

 “Көчмөндөр ааламы” фольклордук фестивалынын алкагында тогуз номинация боюнча жеңүүчүлөр конкурстук комиссия тарабынан аныкталып, аларга акчалай сыйлыктар жана сертификаттар салтанаттуу аземде тапшырылды.

Салттуу кийим-кече конкурсу:
Гран-при– Ысык-Көл облусу, 90 000 сом
1-орун- Ош шаары, 65 000 сом
2-орун - Нарын облусу,35 000 сом
3 –орун – Чүй  облусу, 25 000 сом

Салттуу ашкана конкурсу:
Гран-при– Ош шаары, 75 000 сом
1-орун- Ысык-Көл облусу, 55 000 сом
2-орун- Чүй облусу, 30 000 сом
3-орун – Жалал-Абад облусу, 20 000 сом

Тарыхый экспонаттар конкурсу:
Гран-при– Бишкек шаары, 75 000 сом
1-орун- Баткен облусу, 55 000 сом
2-орун- Ысык-Көл облусу, 30 000 сом
3-орун- Ош облусу, 20 000 сом

Улуттук үрп-адат жана салт-санаалар конкурсу:
Гран-при- Ош облусу, 130 000 сом
1-орун– Бишкек шаары, 100 000 сом
2-орун- Талас облусу, 70 000 сом
3-орун - Баткен облусу, 60 000 сом

Тарыхый инсандар конкурсу:
Гран-при- Жалал-Абад облусу, 110 000 сом
1-орун- Чүй облусу, 70 000 сом
2-орун- Ысык-Көл облусу, 50 000 сом
3-орун– Ош шаары, 30 000 сом

Мааракелүү көркөм өнөр программасы конкурсу:
Гран-при- Талас облусу, 90 000 сом
1-орун- Нарын облусу – 70 000 сом
2-орун– Ош шаары – 50 000 сом
3-орун- Жалал-Абад облусу, 30 000 сом

Салттуу кыргыз кол өнөрчүлүгү:
Гран-при - Баткен облусу, 90 000 сом
1-орун- Ош шаары, 65 000 сом