26.08.2016 15:03

Көчмөндөр оюндарынын Кыргызстан үчүн кандай мааниси бар?

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Кыргыз Республикасы үчүн кандай мааниси бар экендигин, эмне себептен Көчмөндөр оюндары мамлекет үчүн жаңы экономикалык, социалдык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат, эмне себептен мамлекеттин ичиндеги саясий туруктуулуктун өсүшүнө жана аймактык коңшулар менен болгон мамиленин жакшырышына түрткү болууда. Мына ушул темалардын алкагында Талант Султанов өз оюн билдирди.

2016-жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ДКО) өтөт. Ага 50дөн ашык мамлекеттин спорттук делегациялары катышмакчы.

Борбордук Азияда 25 жылдан берки эгемендүүлүктөн кийин алгачкы жолу өзүнүн уникалдуу маданий жана спорттук иш-чарасы – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жатат. Биринчи Оюндар 2014-жылы өткөрүлүп, анда 20 мамлекеттин командасы катышуучу болгон. Бул жылы да Экинчи ДКО уюштурулуп, ага дүйнөнүн төрттөн бир бөлүгүндөгү мамлекеттер катышмакчы.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев ааламдашуу доорунда көчмөн элдердин маданиятын, өзгөчөлүгүн жана өмүр жолун жандандыруу жана сактоо максатында биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү демилгесин көтөргөн.

Дүйнөнүн бардык континенттеринде көчмөн элдер жашап келет. Тарых барактарын тереңирээк карап чыга турган болсок, көптөгөн эл жана мамлекеттин түп тамыры көчмөндөр менен байланыштуу. Алардын кээ бири көчмөн маданиятын азыр да сактап келүүдө. Ошондуктан биздин аймакта, чет жакада да көчмөн маданияттардын жана салттуу отурукташкан цивилизациялардын арасында өзгөчө кызыгууга арзыган бул иш-чара  өзгөчө уникалдуулукка ээ.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары мамлекет үчүн экономикалык, саясий жана социалдык жактан пайда алып келип, аймактагы кызматташтыктын өнүгүшүнө салым кошмокчу.

Экономикалык жактан пайдасы

Ири эл аралык спорттук мелдештерди даярдоо жана өткөрүү көптөгөн каражаттарды сарптайт. Белгилей кетчү нерсе көчмөндөр жараткан оюндар кымбат баалуу спорттук объекттерди талап кылбайт. Мисалы, кышкы олимпиадалык оюндар үчүн курула турган объекттерге мамлекеттердин бюджетинен бир нече миллиард доллар бөлүнөт. Ал эми ДКО гранттардын жана спонсордук каражаттардын негизинде ишке ашып жатат. Мамлекеттин бюджетинен Оюндар үчүн акча аз бөлүнсө да Ысык-Көл үчүн мамлекеттин өзүнө да абдан жакшы экономикалык салымды камсыздайт.

Туризм жаатындагы мүмкүнчүлүктөр.

Оюндар Кыргызстандын туризм мүмкүнчүлүктөрүн айгинелеп турат. Чоң спорттук иш-чараларды өткөрүүдөн түшкөн түз  экономикалык пайдалардын арасынан эң көрүнүктүүсү туристтердин агымын жогорулатуу болуп саналат. Оюндар бир жумага чейин созулгандыктан, келген меймандар көбүрөөк убакытты кабыл алып жаткан аймакта өткөрөт, бул да мейманкана жана ресторан бизнеси үчүн көптөгөн кирешелерди алып келет. Бул жылы сезон алда канча узунураак болуп жергиликтүү калк андан кошумча  пайда көрүүгө толук мүмкүнчүлүк алат. Мындай көрүнүш  бир гана ушул жыл менен чектелбей, жакшыртылган инфраструктура жана кошумча жарнама туристтерди тартуу боюнча узак мөөнөттүү перспективага кызмат кылмакчы.

Инфраструктура. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн Ысык-Көлдөгү ат майданы жана дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси сыяктуу жаңы инфраструктура курулат. Ипподром тууралуу айта турган болсок, бул уникалдуу курулуш жогорку эл аралык стандарттарга жооп берет. Ал КМШдагы жана аймактагы мындай жогорку деңгээлге ээ болгон жалгыз ат майданы болуп калат. Ушул сыяктуу инфраструктураны куруу кабыл алып жаткан аймакта маанилүү экономикалык активдүүлүктү жаратып, көптөгөн жаңы жумушчу орундарын түзөт.

Мультипликативдик эффект. Спорттук иш-чараны өткөрүүгө байланыштуу курулган инфраструктура кабыл алып жаткан шаарга же аймакка экономикалык пайдалардын туруктуу агымын камсыздай алат. Мындай иш-чараларга карата курулган объекттер иш-чаралар өткөрүлүп бүткөндөн кийин да көптөгөн жылдар бою колдонула берет. Транспорттук инфраструктураны жакшыртуу жергиликтүү ишканалар колдоно алган жергиликтүү жана аймактык экономиканын өнүгүшүнө маанилүү түрткү бере алгандыгы өтө маанилүү болуп саналат.

Ири спортук иш-чараларды өткөрүүдөн түшкөн кыйыр экономикалык пайдалар түз алынган пайдалардан алда канча маанилүү, бирок алардын санын так аныктоо оорураак. Дагы бир кыйыр пайдалардын бири мындай иш-чаралардын жарнамалык эффекти. Спорттук иш-чараларды өткөрүп жаткан көптөгөн шаарлар жана мамлекеттер аларды өзүнүн көрсөткүчүн дүйнөлүк аренада көтөрүүнүн ыкмасы катары карайт. Мында оюндарды же дагы башка ири иш-чараларды өтүп жаткан маалда же аяктагандан кийин массалык маалымат каражаттары аркылуу кенен алкакта экранга чагылдыруу маанилүү жана узак мөөнөттүү экономикалык пайдаларды камсыздай турган туристтерди тарта турчу жарнаманын дагы бир формасы болуп саналат.

Ошондой эле ДКО потенциалдуу инвесторлорду тартууга көмөкчү болот. Франциянын жана Кореянын инвесторлору Кыргызстандагы ат спортунун өнүктүрүлүшүнө кызыгууда.

Социалдык пайдалар

Спорттук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү уюштуруп жаткан мамлекеттин эл аралык деңгээлде абройун алда канча жогорулатат. ДКО сыяктуу иш-чараны уюштуруу өткөрүп жаткан аймакка жана мамлекетке өтө маанилүү материалдуу эмес пайдаларды алып келиши мүмкүн. Анын тургундары жана жарандары мындай иш-чаранын өтүп жаткандыгы үчүн сыймыктанып, кубанычка батары анык.

Кыска болсо да, бирок интенсивдүү мөөнөткө алардын мекени дүйнөлүк көңүл чордонунун борбору болмокчу. Иш-чараны өткөрүүгө керектүү болгон план түзүү жана иш-аракеттер көптөгөн убакытты жана эмгекти талап кылып, жергиликтүү жана улуттук деңгээлдеги өтө чоң канааттануу сезимин пайда кылат. Бул факторлордун баасын  доллар менен эсептөө адистер үчүн жеңил болбосо да, алар өтө маанилүү жана балуу болуп саналат.

Саясий артыкчылыктар

Коомчулуктун консолидациясы. Көчмөндөр оюндары адамдардын көңүлүн аларды айырмалап турган эмес, бириктирип жана жалпылап турган көрсөткүчтөргө бурат. Жалпы мураска, тарыхка ээ болуу сөзсүз түрдө коомчулуктун өзүнүн маданияты жана салт-санаалары үчүн сыймыктануу сезимин ойготот.

Эл аралык өз ара түшүнүшүү мамилесин күчөтүү. Эл аралык спорттук иш-чараларда улуттук жана диний айырмачылыктар болбойт. Мамлекеттик кызыкчылыктар экинчи планга жылып калат. Дүйнө салтанатка, достукка жана спорттук иш-чарага бөлөнүп калат. Оюндар ар кайсы мамлекеттин жарандарына дайым баарлашып туруусуна, жолугушуусуна, маданий карым-катышына көмөкчү болот.

Заманбап оюндар башка мамлекеттердин маданияты жана дүйнө таанымы тууралуу маалыматты таркатууда, аларга болгон сый-урматты арттырууда маанилүү салымды кошуп, жалпы максатка жетүү үчүн түшүнбөстүктөрдү унутууну үйрөнүүгө болгон олуттуу жол болуп саналат.

Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын эл аралык деңгээлде алга чыгаруу жана жайылтуу боюнча активдүү иш-аракеттерди жүргүзүп жатат. БУУ менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын “Дүйнөдө тынчтыкты сактоо максатында диний жана маданий аралык карым-катнашка, өз ара түшүнүү мамилесине жана кызматташтыкка демилге берүү” тууралуу резолюциясы аркылуу Көчмөндөр оюндарынын эл аралык деңгээлге чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Резолюцияны бул жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-жыйынынын алкагында кабыл алуу пландалып жатат.

Бул оюндаржын эл аралык  деңгээли Кыргызстанга да, Борбордук Азиянын бүтүндөй аймагына да пайдаларды алып келиши мүмкүн. Көчмөндөр оюндарын өткөрүү менен Кыргызстан маданиятты жана спортту өнүктүрүүгө өзүнүн колдон келген үлүшүн кошууда. Тарыхта алгачкы жолу болуп жаткан иш-чарада анын биринчи уюштуруучусу катары программаны, негиздерди жана спорттук салт-санааларды түптөө иши  Кыргызстандын колунда турат.

Корутунду

Ысык-Көлдө өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары мамлекет үчүн жаңы экономикалык, социалдык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, өлкө ичиндеги саясий туруктуулуктун жогорулашына жана аймактагы коңшулар менен болгон мамиленин жакшырышына  демилге болууда. Эл аралык деңгээлдеги иш-чара болгон Оюндар мекенибиздин өнүгүшүнүн дагы бир багыты боло алмакчы.

Булак: АКИpress