03.08.2018 11:03

«Кырчын» этно-шаарчасында 1000ден ашык боз үй тигилет

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун маданий программасы көрсөтүлө турган “Кырчын” этно-шаарчасында 1000ден ашык боз үй тигилет. Бул тууралуу Кыргызстандын бардык облустардын маданий программасын уюштурууга жооптуу, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, режиссер Зарылбек Молдобакировбилдирди.

Анын айтымында, өлкөбүздүн ар бир облусу 11ден 13 боз үйгө чейин тигүүнү пландоодо. Маектешибиз облустардан сырткары эки чоң шаар Бишкек, Ош да өз боз үйлөрүн тигишээрин белгиледи. 

Жоопту режиссер III Дүйнөлүк көчмөндөр  оюндарына коомдук бирикмелердин жана уюмдардын кызыгуулары чоң экендигин кошумчалады, алар да Оюндун маданий программасынын алкагында өткөрүлүүчү ар кайсыл конкурстарга катышышат.

З.Молдобакиров: ““Ала-Тоо айымдары”, “Кийиз дүйнө”, “Ак элечек апалар”, “Кыргыз жери” жана башка бир катар бирикмелер 18ден 20га чейин боз үй тигишет. Мындан сырткары этно-шаарчанын аймагында театрлаштырылган программа үчүн боз үйлөр тигилмекчи. Жалпысынан болжолдуу 1000ден ашуун боз үй болоорун күтүүдөбүз” – деди.

Өзүнүн боз үйүн “Кырчын” этно-шаарчасына тигүүнү кааласа, режиссерлордун штабына кайрылса болот. III Дүйнөлүк көчмөндөр  оюнуна карата даярдануу мезгилинде Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар үчүн китепканада жайгашкан штаб тапшырыктарды кабыл алаарын билдирди.  

Маектешибиз сөзүнүн акырында бул этно-шаарчанын аймагында улуттук кыргыз боз үйү менен байланышкан конкурстар болоорункошумчалады. “Биз ар түрдүү жарыштарды уюштурабыз, бирок атайын программанын негизи - боз үйдү ылдамдыкта тигүү болот”, – деди.