05.09.2018 18:24

Кырчын этно шаарчасында XII Эл аралык “Айтыш” сынагы башталды

 4- сентябрда, Кырчын этно шаарчасында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында XII Эл аралык төкмө акындардын  “Айтыш” сынагы башталды. Айтыш сынагына Кыргыз Республикасынын Премьер – министри Мухаммедкалый Абылгазиев сөз  сүйлөп, “Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улуу көчмөн элинин башын бириктирип, өнөр багып  жаткан бардык маданият жана чыгармачыл кызматкерлерди куттуктады. Өз сөзүндө, төкмө акынчылык өнөр, өзгөчө өнөр, бүгүнкү  өтүп жаткан айтышка кыргыз – казак элине төбөсү көрүнүп калган акындардын башын бириктирип, улутубуздун уулулугун жана маданиятын даңазалап жатабыз” – деп кошумчалады.

“Айтыш” коомдук фондунун тең – төрагасы Асылбек Маратовдун айтымы боюнча, “Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан эл аралык айтыш сынагына жалпы 18 төкмө акын катышып жатат. Байге фонду жалпы 2 000 000 млн. сомду түзүп, байгелер кош байге болуп бөлүнөт”- деп маалымдады.

Эл аралык айтыш сынагына:

Кыргыз Республикасынан:

1.Амантай Курманалиев.

2.Азамат Болгонбаев.

3.Асылбек Маратов.

4.Баян Акматов.

5.Идирис Айитбаев.

6.Изат Айдаркулова.

7.Жылдызбек Төрөканов.

8.Кубат Тукешов.

Казак Республикасынан

1.Айбек Калиев

2.Аспанбек Шыгатаев.

3.Биржан Байтуов.

4.Бөрүбай Орозумбетов.

5.Максат Аканов.

6.Кажымухан Абзалов.

7.Жаркынбек Наушабеков.

8.Нурлан Эсенкулов катышып жатат.

Маалыматтарга ылайык, 8 жуп акын айтышат. Биринчи күндүн жыйынтыгы боюнча төкмө акындар жарым финалы жыйынтыкталды. Жарым финалда Кыргыз Республикасынан Азамат Болгонбаев, Асылбек Маратов, Баян Акматов жана Кубат Тукешов, ал эми Казак Республикасынан Айбек Калиев, Аспанбек Шугатаев, Биржан Байту жана Максат Акановдор ат салышат.

Айтыштын уландысы бүгүн, 5– сентябрда Кырчын этно шаарчасында Хан ордодо өтүп, жыйынтыгы чыгарылат.