06.09.2018 19:41

Кырчында кыргыз-казак эл аралык айтышы өттү

Кырчын жайлоосунда  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюунун алкагында эки күнгө созулган кыргыз-казак эл аралык айтышынын 12-айлампасы аяктады. Белгилей кетсек  Айтыштын шарты боюнча казак-кыргыз акындар айтышынын жеңүүчүлөрүнө кош байге коюлган. Байге фонду 2 млн. сомду түзөт.

  Айтышка  эки тараптан жалпысы 16 акын катышты. Жыйынтыгында Баш байгесин кыргыз акыны Асылбек Маратов, казак акыны Максат Аканов жеңип алып, ар бири -200 миң сом менен сыйланды. Ал эми биринчи орунга чыккан казак акыны Айбек Калиевге -150 миң, кыргыз акыны Баян Акматовго -150 сом ыйгарылды. Экинчи орунду багындырган казак акыны Астанбек Шыгатаев жана кыргыз акыны Кубат Тукешов 100 миң сомдон байгеге ээ болушту. Үчүнчү орунга жетишкен казак акыны Миржан Байтур менен белгилүү кыргыз акыны Азамат Болгонбаевдин  ар бири 80 миң сомдон байге алышты.

  Калган акындарга 50 миң сомдон кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды. Мындан тышкары Эстебес Турсуналиев, Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев жана Бексултан Жакиев атындагы ар бири 50 миң сомдук байгелер  казак акыны Жаркынбек Наушабековго, Бөрүбөй Орозумбетовго, Идирис Айтпаевге, Изат Айдаркуловага ыйгарылды.