03.05.2016 12:00

Кыргыз Республикасыннын Премьер-министри Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына БУУнун өкүлдөрүн чакырды


Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдирген маалыматы боюнча КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков БУУнун Аткаруу кеңешинин өкүлдөрүн II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын ачылыш аземине чакырды.  БУУ Аткаруу кеңешинин мүчөлөрүнөн турган делегация Кыргызстанга алгачкы жолу келди. Делегация 18 өлкөнүн, Уюмга караган мамлекеттердин өкмөттөрүндө иштеген башкы дипломатиялык кызматчыларынан, атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен түзүлгөн.

Премьер-министр бул жылы күзүндө өткөрүлө турган II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары тууралуу жана кийинки жылга пландалып жаткан ак илбирсти сактоого багытталган саммит тууралуу сөз кылды.

Дүйнө элдеринин улуттар аралык жана маданият аралык карым-катнашы үчүн уникалдуу аянтча болгон бул иш-чаралар дүйнөнүн ынтымагын бекемдей турган кошумча күч катары болушу керек деп Өкмөт башчысы баса белгилей кетти.

 “Оюндар дүйнө элдеринин маданият жана улуттар аралык карым-катнашы үчүн ылайыктуу аянтча болуп берет деген ишеничтебиз. Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын алга карай өнүктүрүү максатында Кыргызстан тарап БУУ Генералдык Ассамблеясынын 71-жыйынында “Дүйнөлүк тынчтыкты сактоо максатында дин жана маданият  аралык карым-катнашка, өз ара ынтымакка жана кызматташтыкка демилге берүү” резолюциясына кабыл алынышы үчүн Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары тууралуу текстти сунуштоону пландап жатат.

Ошондой эле, премьер-министр ак илбирсти сактоого багытталган саммит дүйнөлүк экосистеманы сактоо боюнча пикир алышууга мүмкүнчүлүк түзүп берет деп кошумчалап өттү.

Алынган булак: Sputnik Кыргызстан