08.09.2016 12:44

Кыргызстандыктар тайган жарышта бардык байгелүү орундарга ээ болду

7-сентябрда Кырчын жайлоосунда ДКО алкагында “тайган жарыш” боюнча финалдык таймаш болду.

Мелдешке Грузиядан, Орусиядан, Монголиядан, Казакстандан, Кыргызстандан келген 19 спортчу катышты.

Жыйынтыгында кыргызстандыктар бардык байгелүү орундарга (алтын, күмүш, коло медалдар) ээ болду.

1-орун – Мухидин Коробаев
2-орун – Нурмухамед Абдразаков 
3-орун – Майрамбек Жакыпов

Кошумча маалымат

 “Тайган жарыш” – тайгандардын жарышы. Команданын курамы – 6 киши, 1 жетекчи, иттердин 5 ээси. Тайгандар 350 метр аралыкты чуркап өткөндөн кийин анын күлүктүгү аныкталат. Тайган чабандестин колундагы же атайын каражат сүйрөп бараткан түлкүнүн же коендун терисинен жасалган далбанын аркасынан чуркайт. Калыстар алгачкылардан болуп келген тайгандын убактысы менен мелдешти баалашат. Калыстардын ар бир белгисинде бештен тайганды жарышка чыгарышат. Жарыштар баштапкы, жарым финалдык жана финалдык болуп бөлүнөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы