07.06.2016 15:09

Кыргызстандын Премьер-министри КМШнын Өкмөт башчыларын ДКОнын ачылыш аземине чакырды


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков КМШнын Өкмөт башчыларын сентябрь айында Ысык-Көлдө өтө турган Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын ачылыш аземине катышууга чакырды. “РИА Новости” билдирүүсү боюнча, С.Жээнбеков бул тууралуу Бишкек шаарынын чет жакасындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында уюштурулган КМШнын Өкмөт башчыларынын  кеңейтилген курамдагы жыйынынын ишин алып барууда айткан. 

 “Сентябрь айында Ысык-Көлдө экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары өткөрүлмөкчү. Бул фестиваль бир гана спорттук мелдештер үчүн эмес, дүйнө элдеринин арасындагы маданият аралык жана улуттар аралык активдүү карым-катнашы үчүн да жагымдуу алкак  болуп бере алат деген ишеничтебиз”, – деп билдирди Өкмөт башчы.

Кыргызстан тарап БУУ Генералдык Ассамблеясынын 71-жыйынында “Дүйнөлүк тынчтыкты сактоо максатында дин жана маданият  аралык карым-катнашка, өз ара ынтымакка жана кызматташтыкка демилге берүү” резолюциясы кабыл алынышы үчүн Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары тууралуу текстти сунуштоону пландап жатат. “КМШдагы досторубуз тарабынан бул демилгеге көрсөтүлө турган колдоо үчүн ыраазычылыгыбызды билдирмекчибиз. Абалдан пайдаланып, бүгүнкү иш-чаранын бардык катышуучуларын Ысык-Көлдө 3-сентябрь күнү өтө турган Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын ачылыш аземине чакырууга уруксат этиңиздер”, - деп, Премьер-министр КМШ жана Евразия Экономикалык Биримдигиндеги өлкөлөрдүн соода-сатык жана экономикалык байланышын бекемдөөгө болгон зарылчылыгын  баса белгилей кетти.

“Эки интеграциялык биримдиктин ортосундагы эркин сооданын толук масштабдуу режимин ишке ашыруу  азыркы экономикалык кыйынчылык учурунда өлкөлөрүбүздүн  атаандаштык жөндөмдүүлүгүнүн бекемделишние көмөкчү болот. Мындан сырткары, дүйнөлүк тартиптин өзгөрүү шарттарында жана жаңы транс чек аралык чакыруулардын, коркунучтардын пайда болуу шарттарында өлкөлөрдүн бири-бирине болгон көз карандылыгы улам артып олтурат. Бул көз карандылык бизге көптөгөн тармактар боюнча КМШ форматында биргелешип иштөөгө түрткү берүүдө”, - деп белгилей кетти С.Жээнбеков.

Алынган булак: New.am