05.09.2016 15:15

Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы Башкортостандын командасын жеңип чыкты

Бүгүн, 5-сентябрда, Чолпон-Атадагы ат майданында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Б тайпасында  Кыргызстан менен Башкортостандын курама командаларынын ортосунда көк бөрү боюнча  мелдеш өттү.

Кыргыз оюнчуларуы 60 мүнөттүн ичинде  26 жолу улакты атаандаштарынын тай казанына таштады. Бул кыргыз көк бөрүчүлөрүнүн эң ири жеңиштеринин алгачкысы болду. Мындай көп упай менен буга чейин бир да команда жеңишке ээ болгон эмес. Башкортостандын көк бөрүчүлөрү кыргыз командасынын тай казанына 5 жолу улакты таштай алды.

Ооганстан менен Түркиянын ортосунда боло турган мелдеш Түркия тараптын келбей калгандыгынан улам өткөрүлгөн жок. Ошол себептен Түркиянын командасына техникалык жеңилүү эсептелинип, Ооганстандын курама командасы кечээки жеңилүүсүнөн кийин алгачкы упайга ээ болду. Эскерте кетсек, Оогнастан Башкирияга жеңилип калган.

Эртең, 6-сентябрда көк бөрү боюнча тайпалык мелдештер аяктап, жарым финалдын жеңүүчүлөрү аныкталмакчы, 7-сентябрь күнү 3-орун үчүн беттеш, ал эми 8-сентябрда финал өткөрүлмөкчү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы