26.07.2016 12:00

Кытай II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катышаарын билдирди

Кытай Республикасы тарабынан алардын спортчулары Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын 2016га (ДКО) катышаарын расмий түрдө билдиришти. Тиешелүү кат Кытай Элдик Республикасынын Башкы спорт башкармалыгы тарабынан Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016нын катчылыгына жөнөтүлгөн.

“II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары Сиздердин кооз өлкөңүздѳрдө 3-8-сентябрларда өтөѳрүн угуп, кубанычтабыз. Биз тараптан 59 адамдан турган спорт делегациясы жөнөтүлөт. Алар спорттун 8 түрү боюнча мелдештерге катышышат”, - деп билдирилет.

Ошондой эле алар этникалык спорттун 2 түрү: кытай жана монгол күрөштөрү боюнча көрсөтмө оюндарын өткөрүүнү пландаштырууда.

Берилген маалыматка ылайык, КЭРдин Спорт боюнча башкы башкармалыгы Дүйнѳлүк Кѳчмѳндѳр Оюндарына катышууга спорттук делегациянын жиберүү укугун Ички Монголиянын (КЭРдин чыгышындагы автономдук район) Спорт боюнча башкармалыгына берген. Делегацияны жетектеп, Ички Монголиянын Спорт боюнча башкармалыгынын башкы директорунун орун басары Ши Лиминг келет.

2016-жылдын 25-июлуна карата ДКО 2016га катышууга алгачкы табыштамаларды 19 мамлекет жиберди:

    1. Азербайжан (спорт министрлиги);
    2. Аргентина (күрөш алыш);
    3. Армения (күрөш алыш);
    4. Бразилия (күрөш алыш);
    5. Венгрия (жаа атуу);
    6. Гватемала (күрөш алыш);
    7. Израиль (күрөш);
    8. Индонезия (күрөш);
    9. Казахстан (спорттун 9 түрү);
    10. Кытай (спорттун 3 түрүнөн);
    11. Колумбия (күрөш алыш);
    12. Монголия (күрөш);
    13. Пакистан (күрөш);
    14. Перу (алыш күрөш);
    15. РФ Башкортостан (күрөш);
         РФ Свердлов областы (күрөш);
         РФ Карачаево-Черкесия (күрөш);
    16. Словакия (жаа атуу);
    17. АКШ (күрөш, ордо жана тогуз коргоол);
    18. Түркмѳнстан (күрөш);
    19. Эквадор (күрөш алыш).

Армениянын ДКО 2016га катышуусу боюнча Катчылык расмий түрдѳ тѳмѳнкүнү билдирет:

22-июлда айрым ЖМКларда армян тараптан ДКОго катышуудан баш тартты деген маалымат тараган.

Армения Республикасынын спортчуларынын ДКО 2016га катышуусу боюнча маселе мындан мурда Кыргыз Республикасынын жанан Армения Республикасынын алыш федерациялары тарабынан талкууланган.

Армениянын Спорт министрлигинин ДКОго катышуудан баш тартканына карабастан, эки мамлекеттин федерациялары ортосунда жетишкен макулдашуулар ѳз күчүн сактап келет.

Маалымдама: Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын өткөрүү тууралу жобого ылайык катыша турган-мамлеккеттер табыштамаларын ушул жылдын 7-августуна чейин жөнөтүшү керек.