24.05.2016 16:41

Мамагенттик коллегиясынын жыйынында негизги маселе катары ДКО карата жүргүзүлгөн даярдыктар каралды


24-майда КРнын Ѳкмѳтүнѳ карашатуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентствосунун коллегиясынын жыйыны өткөрүлдү. Ага КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Айбек Исаев, мамлекеттик агентствонун директору Шейшенкул Бакиров, министрликке караштуу мекемелердин жетекчилери, мамлекеттик агентствонун аймактык өкүлчүлүктөрү катышты.

Негизги маселе катары Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына карата жүргүзүлгөн даярдыктар каралды.

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча Дирекциясынын директору Алмазбек Касенов доклад жасап, аткарылган иштери тууралуу, көбүнчө спорт объектилеринин даярдыктары, КРнын курама командасын түзүү, чет элдик делегацияларды чакыруу, спорт тармагындагы волонтерлорду окутуу ж.б. тууралуу айтып берди.

Жыйын учурунда “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016” туристтик фестивалынын жалпы концепциясын таанытуу иш-чарасы болуп өттү. Жыйынтыгында коллегия КРнын башка мамлекеттик органдары менен биргелешип иш алып барууну улантуу тууралуу чечим кабыл алды.