08.09.2016 12:13

“Мангала” интеллектуалдык оюнунун жыйынтыктары

7-сентябрь күнү Чолпон-Атада ДКО алкагында “мангала” интеллектуалдык оюну боюнча мелдештер аяктады. Бул дисциплинада жалпысынан 11 спортчу беттешти.

Жеке эсептеги жыйынтыктар:

- аялдар арасында:
1-орун– Гульжамал Сарикеева – Кыргызстан
2-орун– Азиза Жамансартова – Кыргызстан
3-орун– Асель Далиева – Казакстан

- эркектер арасында:
1-орун– Кубаныч Ибраимов – Кыргызстан
2-орун– Акылбек Касымов – Кыргызстан
3-орун– Тилеке Кенжетай - Казахстан

Тайпалык эсептеги жыйынтыктар:
1-орун– Кыргызстан (аялдар жана эркектер арасында)
2-орун– Казакстан (аялдар жана эркектер арасында)
3-орун– АКШ (аялдар арасында)
3-орун– Корея (эркектер арасында)

Кошумча маалымат:

Мангала – түрк элинин интеллектуалдык жана стратегиялык оюну. Бул оюндун оюнчулары 2 кишиден турат. Оюн тактайында эки катарда алтыдан чукур бар (ошондо жалпысынан 12), ошондой эле оюнчулар таштарды топтой турчу эки чоң чукур болот. Мангала оюну 48 таш менен ойнолот.

Оюн тартуу ыкмасы менен башталат. Оюнчулар бардык 48 ташты ар бир 12 чукурга төрттөн бөлөт, ал эми эки чоң топтоо чукурлары бош калат. Оюнчу тараптагы кичинекей алты чункур ошол оюнчунун оюн талаасы, ал эми каршы тараптагы алты чукур болсо атаандашына тиешелүү болот. Оюнчулар өз тарабына (топтоо чукурларына) мүмкүн болушунча көбүрөөк таштарды топтоого аракет кылышат. Ким көбүрөөк таш топтосо ошол оюнчу жеңүүчү болот.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы